www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституцияда жок болсо да түштүктүн кулуну экинчи орунда туруш керек. Бирок сарбагыштар бийликке келди, элди оңдосо болду. Феликс Куловдун партиясы менен келген Жапаров премьер –минитр болду. Кулов адам кылган Жапаров канчага жетет?

«Үйү жакын иттин чамгарагы узун» дешет, үйү жакын Кулов бирдеме болсо эле Байтик айылын дүрбөтүп, чоң төңкөрүшкө плацдарм кылып таштайт. Аны туурап кошунасы арашандык Атамбаев да Кой-Ташты Республика кылам деп, бир топко туруштук берген.

Куловдун жасаган аракетин президенттер фонунда карасак кошунасы Атамбаевдин убагында «Ар-Намыс» партиясын парламентке өткөзүп алып, мамлекетти соргонго ГРСти тандап алып аны соруп жаткан. Андан түшөөр менен Атамбаевди жамандап «Миң киши өлсө да президентти алам» дечү деп китебине жазып чыккан.

Бакиевдин убагында Байтикти плацдарм кылып, көп эле сайгактады. Арийне, өкмөт башчысынан түшүп калганда  «Бириккен, Фронт» уюштуруп, Байтиктен Ак үйгө түз эле жетип калган. Анын таш-талканын ошол кездеги өкмөт башчысы кошунасы Алмазбек Атамбаев чыгарган. Өзү бийликтин колтугуна кире качып, аны колдоп келген элди калабага салып берди.  

Кулов тууралуу жаш кезинде 1990-жылдын июндагы Ош коогалыңында аты элге катуу угулган. Даңкка жараша жүк деп ага Акаев президент болгон соң Ички иштер министрин берген. «Генерал» наамга татыктуу болгон Кулов 1991-жылдын август путчасынан соң Аскар Акаевдин сүймөнчүгүнө айланат.

Ошондуктан 1992-жылы Г. С. Кузнецов Москвага безип кеткен соң, анын бош калган вице-президенттик мансабын Акаев сүйүктүү Куловуна берет. Бирок Кулов 1993-жылдын 16-декабрында, өкмөт башчысы Т.Чыңгышев отставкага кеткенден эки күндөн кийин өз эрки менен отставкага кетет.

Анын оюу премьер-министрликти алуу болчу. Премьер-министрликке Апас Жумагулов дайындалган соң, ошол кызматты үмтөтүп жүргөн Феликс мырза бийлик амбициясынан улам эшикти тарс жаап чыгып кетет. 

 Арийне, Акаев өз «любимчигинен» үмүтүн үзбөйт. Аны Апас Жумагулов жогорулап кетип бош калган Чүй облусунун губернаторуна дайындайт. Акаевдин үмүтүн Кулов актаган жок. Анын саясий амбициясы облустун мүдөсүнө салмактуу экени сезилди.

Алдыңкы чарбалардын бары артты көздөй сыйгаланып, реформалар токтоп, экономикалык көрсөткүчтөр ылдыйлай баштайт. Губернатордун популизми Чүй облусунда митингге чыгуу маанайы көтөрөт. Албетте, Куловдун популизминен чоочулаган Акаев аны кызматынан бошотот. Бирок дале байкуш ишенчээк Акаев сүймөнчүгүнө дагы эле «сүйүүсүн» артып, күдөрүн үзбөйт.

Экономикалык жана чарбачылык маселелер боюнча Куловдун тажырыйбасыздыгынан улам губернатор болуп иштей албай койду деп ойлойт. Куловко ошол мезгилде кадыр-баркы өсүп бараткан Ички иштер министрлигинин жетектөөнү сунуш кылат. Феликс мырза эрке баладай ИИМге баргысы келбейт, ал ошол мезгилде башкарып турган А.Бакаев кайтыш болуп, орду бош турган Улуттук коопсуздук министрлигин жетектөөнү суранат. Акаев айтканына макул болот.

Айтып кете турган нерсе А.Бакаев министр болуп турганда Ф. Кулов ар кандай жооптуу кызматты аркалап турганда өзүнүн жеке иштери үчүн мыйзамды бузгандары тууралуу Акаевке доклад кылган. Бирок, Акаев Куловду ушунчалык жакшы көргөндүктөн, ал андай иштерге барбайт деп, мунун бары атаандаштыктан улам чыккан компроматтар деп ойлойт.

Арийне, кийинчерек Кулов аралашкан иштердин документтери бары дайынсыз жок болгону белгилүү болот.

 Ал мезгилде Улуттук Коопсуздук министрлиги союз убагындагы КГБдай  күч-кубаты жок эле. Мындай нерсе Куловко жаккан жок. Ошондуктан министрликтин статусун көтөрүү үчүн УКМКнын ичинде «Калкан» деген менчик кызматын түзөт. Антитеррорлук багытка жамынган бул кызмат бийлик төбөлдөрүнүн, журналисттердин, бизнесмендердин ишмердүүлүгүнө, жарандардын жеке турмушуна кийлигишүү, аңдуу  максатында акыркы заманбап техника менен жабдылган. Ушундан улам компромат, шантаж кылуу сыяктуу мыйзамсыз иштер күч ала баштайт.

 Улуттук Коопсуздук министри болуп турганда эле Ф. Кулов Москва менен жашырун байланыш түзө баштайт. Б. Силаев өкмөткө кетип, Бишкектин мэринин орду бош калганда баягы эле Акаевдин сүймөнчүгү  Бишкекти «шоколадка» айлантам деп шефине жалдырап келет. Дагы эле «любимчиктин» айтканына макул болуп мэрге коёт. Атаганат, мыкты мэр деле чыккан жок.

Шаардын көйгөйлүү маселелери менен алпурушкандын ордуна, Феликең кайрадан өз капчыгын калыңдоо үчүн жанталаша баштайт. Ал кыргызстандык жана чет элдик бизнесмендерди бурай баштайт. Ага каршы чыкканга эч ким даай алышпайт, себеби ОПГнын «главарлары» менен оюн салып жүргөнү белгилүү болот. Мурунку кызматтарда тажырыйбасыздыгы себеп болду дешсе, мэр болгон соң ал эл үчүн иштебей, өз камы үчүн гана иштей турганы айдан-ачык болот.

Ошол мезгилде УКМК «Калкан» кызматынын иш-аракетине кызыгдар болуп, тергөө жүргүзүп, анын кандай максатта жана ыкмада иштегенин аныктай баштайт. Тергөө башталгандан бир нече күндөн кийин Феликс Кулов уу-дуу менен мэрден отставкага кетип, оппозицияга өтөт. Оппозицияга келген соң Кулов Кыргызстандагы башкы жана биринчи оппозиционер катары өз имиджин көтөрө баштайт.

Куловдун оппозицияга келген биринчи максаты өзүнүн кылган кылык-былыктарын жаап жашырып, мыйзамсыз ишмердүүлүгү үчүн жоопкерчиликтен качуу эле. Ал оппозицияга келгендиги үчүн кыргыз жана эл аралык укук коргоочулардан колдоо табат. Ал эми экинчиден, өзүнүн эски амбициясы президент болуу деген ой-максатын ишке ашыруу болгон. Анын президент болуу амбициясы башында эле жаралган, бир гана ага тоскоолдук болгон бул өз эне тилин, мамлекеттик тилди билбегендигинде эле.

Ошондуктан 2000-жылкы президенттик шайлоодо Ф. Кулов карама-каршы көз караштагы демократ Өмүрбек Текебаев менен биримдикте президент үчүн ат салышат.  Экөөнүн айырмасы Текебаев он жыл боюу бийликке каршы оппозицияда болуп келсе, Кулов он жыл боюу бийликтин май талкандуу «акырынан» жем жеп келген.

Он жыл боюу бийликтин «акырынан» жеген «жемдерин» беш жыл боюу камакта жатып кускан Куловко 2005-жылдын 24-мартында кайрадан күн чайыттай ачылат. Ал жерде өткөн күндөрүн Азиз Батукаев менен кыйышпас достугун санабай эле коёлу, чындыгында ошол мезгилде Куловдун кадыр-баркы «саясий туткун» катары абдан бийик болуп турган.

Азыркы тең тайлашып турган Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаевдердин кадыр-баркы бир аз ылдыйлап, бийликке каршы бирден-бир алтернативдүү талапкер эсептелинген. Камакта жатып саясий амбициясы көбүрүп-жабырган Кулов эң биринчи эле өзүн каматкан Аскар Акаевке боор тарта баштаган. Бул деле саясий ыкмасынын бири эле, ошол мезгилде байлыкты топтоп алган акаевчилерди өзүнө тартуу максаты болгон.

Бирок чечүүчү күрөшкө барууга анын күч-дарамети жеткен жок. Бийликтин алдына да «сынып» берди. Тандем менен өкмөт башчысы болгону менен эки колу, эки буту тушалып, оозу скоч менен чапталып, Ак үйдөгү бир жандыкка айланган. Ошол мезгилде кримдүйнөнү бийлеп турган Рысбек Акматбаев депутат иниси өлтүрүлгөн соң Куловду эшекче минип алгысы келген. Куловдун кадыр-баркы күндөн-күнгө  ылдыйлаган.

Саясий амбициясы суу жүрөк  Куловду тынч коймок беле. Ал кайрадан оппозицияга аттанып, «Бириккен фронтту» түзө баштаган. Анын амбициясын жек көрүшкөндөр «Чем папа, лучше турки» дешип, бийликти көздөй өтө башташты. Кулов Суваналиев, Текебаев, Сариев, Эшимканов баш болгон оппозицияга таянып 2007-жылы апрелде элди кайрадан козгой башташат. Кулов элди баштап келип, бийлик менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көтөрүлгөн элди капканга салып берип, өзү тынч четке чыга берди.

Анын эл көчөдө запкы жеп атканда бийлик менен жетинчи этажда коньяк ичип отурганынын чындыгын тарых тастыктады. Аз убакыт өтпөй Феликс Кулов үчүн бийлик миниГЭСтер боюнча атайын ишкана ачып берип, жылуу жумшак отургузуп коюшту. Феликс Куловдун алтымыш жылдык юбилейинде бийлик кымбат баалуу автомашина белек кылды.

2010-жылдын 7-апрелинде ал бийлик кулаган соң, кыргыз элинде дагы бир баатыр пайда болду. Бул баягы эле амбициясы күч Феликс Кулов эле. Анын амбициясы кайрадан тынч жаткызбай Москва, Астанага чейин алып учуп жөнөдү. Бир гана чындыкты айтып коюшубуз керек ушундай алкеш-чалкеш заманда каякка баштарын батырарын билишпей, «Ар -Намыс» партиясына кыргыздын мыкты чыкмаларынын бир тобу корголоп келишти.

Ошолордун кадыр-баркынан улам «Ар-Намыс» партиясы парламенттик беш пайыздык чектен өтүп келди. Арийне, баягы эле Куловдун амбициясынан улам коалиция түзүүгө бул партияга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости