www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумшекер менен суу майдын баасы арзандайт

Экономика менен финансы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик борбор калаадагы супермаркет менен базарларда кумшекер жана өсүмдүк майынын баасын турукташтыруу үчүн бир катар чараларды көрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Агенттик 1-июлдан тарта кумшекер менен суу майга салынуучу кошумча нарк салыгы алынганын белгиледи. Мындай чечим азык-түлүктүн баасын турукташтыруу үчүн кабыл алынып, 31-августка чейин иштейт.

Буга байланыштуу агенттик тарабынан "Народный", "Глобус", "Фрунзе" сыяктуу ири соода түйүндөрү менен иш жүргүзүп, алар өз кезегинде бааны төмөндөтүү боюнча аракет көрмөкчү:

бир килограммы 62-63 сом турган кумшекердин баасын 55 сомго түшүрүү;

өсүмдүк майынын түрүнө жараша 15 сомдон 20 сомго чейин түшүрүү.

Алдыда аталган агенттик шаардагы базарларды жана башка соода түйүндөрүн да камтый турганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости