www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров, эртеби кечби, Баткен окуясы боюнча жооп бересиңер. Мындай пикирди саясатчы Жылдыз Жолдошова Facebook баракчасына жазып чыкты.  

--"Садыр Жапаров, жугундукорлоруңа кайрып-кайрып жаздырып жатасың, "кызмат орду тийбей калса"- деп. Качан сенен, кызмат ордун сурадым? Мага сенин кызматыңын кереги жок. Мен, мамлекетиме жана элиме 42 жыл таза иштеп бердим. Бир, резюме берген жокмун сага.

Экинчи жазгандары, сенин жугундукорлоруңун "баласын иштен алып койсо" деп. Баламы өзүңөр жумушка алдыңар. Чек ара, суу, энергетика, суусактагычтар маселесинди, керек болсо "согуш" чыгып кетет деген чындыкты айткан соң, Сүйүн Касмамбетов айткандай иштен алыпсың уулуму. Ала бергиле, ага капачылык жок. Анткени, менин уулдарым силер үчүн, жумуштан айдалып запкы жешкен.

Иммунитети бар алардын, акыйкатсыздыкка. Анан эмне болду? Согуш болдуго, ошого жол бердиң го. Менин алдын ала айткан чындыгым тастыкталды, аны кантип четке кагасың. Бийликтен эч ким жазаланбады, же элден кечирим сурап койгон жоксуңар. Эртеби кечби, Баткен окуясы боюнча жооп бересиңер, ал эсиңерде болсун.  

Бирок силердин балдарыңар ур-токмокко,алынып камалганда, мен бүт күчүмү жумшап, бийликтегилерге "айбат" көрсөтүп, балдарды алып чыкканбыз.

Балдарга тийбе дегеним, Атамбаевтин бийлигиндей болбо дегеним", - дейт саясатчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости