www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык окумуштуулар XXI кылымдын аягында дүйнө жүзүндөгү адамдардын эң жогорку жашоо чеги 125-132 жыл болушу мүмкүн экендигин аныкташкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Вашингтон университетинин окумуштуулары статистикалык изилдөө аркылуу 2100-жылга чейин адамдардын жашоосунун максималдуу узактыгын эсептөөгө аракет кылышкан. Ал бир нече параметрлерди камтыган. Мисалы, медицинанын өнүгүшү, генетика жана башка факторлор.
Изилдөөнүн жыйынтыгы менен окумуштуулар XXI кылымдын аягында айрым адамдар 125-132 жашка чейин жашай алышат деген тыянакка келишкен. Алар адамдын 126 жашында өлүү ыктымалдыгы 89 пайызды, ал эми 130 жашта 13 пайызды түзөт деген тыянакка келишкен.
Белгилей кетсек, эң көп жашаган боюнча абсолюттук рекорд 1997-жылы 122 жаш 164 күнүндө каза болгон франциялык Жанна-Луиза Калманга таандык. Ал эми азыр болсо дүйнөдөгү эң улгайган адам 2021-жылы январда 118 жаш мааракесин белгилеген япониялык Кейн Танака болуп эсептелет.
Булак: NazarNews.kg