www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайрат Маматов: “Шайлоого 25% эл катышарын күтүп жатабыз”

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы менен маек.

- Жергиликтүү жана шаардык кеңештерге болгон өткөн шайлоодо мыйзам бузуулар арбын катталып, жыйынтыгын баарыбыз көрдүк. Учурдагы аракеттерге токтоло кетсеңиз?

- Үгүт кампаниясы ортосуна жетип калды. Бирок, бул жагы баштала электе эле Бишкек шаардык мэриясы, тийешелүү органдар менен отурум өткөздүк. Анда саясый партиялардын өкүлдөрүнө эскертүүлөр берилди. Ага ылайык, эгер кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо, шайлоого чейин эле талапкердин же саясый партиянын үстүнөн чара көрүлөт. Башкача айтканда, алар шайлоодон алынып салынат.

- Саясый партияларда, алардын өкүлдөрүндө шайлоого карата кандайдыр бир өзгөрүүлөр болгону байкалып жатабы?

- Өзгөрүүлөр бар. Көбүнчө өткөн шайлоонун жокко чыгарылышына байланыштуу талапкерлердин көбү өз каалоосу менен кайра шайлоого катышуудан баш тартышты.

- Шайлоо өнөктүгү үй комитеттери, квартальныйларсыз жүрчү эмес эле. Мында кандай болуп жатат?

- Алар менен мэрия иш жүргүздү. Эскертүүлөр берилип, шайлоого иштебей тургандыгы жөнүндө тил каттар алынды.

- Эми ушул жана башка тыюулар ишке ашып, шайлоо мыйзам бузууларсыз өтсө, шайлоочулардын активдүүлүгү кескин азайып кетпейби?

- Ал боюнча айта албайм. Бирок 25%дын тегерегинде болот го. Анүстүнө азыр жай мезгили болуп, пандемия да күчөп атпайбы...

Булак: Азия News гезити

Последние новости