www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атами шаарында (Сидзуока префектурасы) жер көчүп, натыйжада 20га чукул киши дайынсыз болууда. Эки кишинин сөөгү табылды.

Жер көчүп жаткан маал видеого түшүп калган, аны кийинчерээк жергиликтүү ЖМКлар жарыялашты.

Кырсык бүгүн эртең менен болгон. Акыркы күндөрү жээкте жайгашкан райондордо нөшөрлөгөн жаан жаап жаткан. Метеорологдордун айтымында, акыркы эки суткада Сидзуока префектурасында 300 миллиметрден кем эмес жаан жааган.

Kyodo агенттиги куткаруучулар Атами шаарында эки кишинин сөөгүн тапканын жазды.

Акыркы маалымат боюнча, кеминде 20дай адам дайынсыз болуп, 10 турак жай жабыркаганы, электр зымдары үзүлүп кеткени айтылууда.

Коңшу Канагава префектурасында да жер көчүү кооптуулугу бар экени маалымдалып жатат. Бийлик 205 миң жергиликтүү тургунду эвакуациялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости