www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпонбек Абыкеев Мамлекеттик катчы Каныбек Осмоналиев болмок деген пикирди журналист Эрлан Бекчоро уулу социалдык баракчасына жазды.

--“Дагы бир тобуңдун шагың сынат, баарыңды бирден жазып чыгам.

Садыр Жапаров камакта жатканда боштондугун талап кылып, Садыр Жапаров үчүн камалып чыккан Каныбек Осмоналиев шагым сынды деп пост жазды. Ооба, сынмак. Калыс сөзүн айта албай, кошоматтыкты өркүндөтүп келе жатты эле.

Мамлекеттик катчылыкка бараарын, масаласы чечилип, батасы менен экенин кулагым чалды эле. Берки эшиктен кирип кеткен Чолпонбек Абыкеев көксөп жүргөн кызматын жулуп кетти. Расмий маалымат чыкканда шагы сынганы ошол болуш керек.

Жеңиш Молдокматов камалганда, чындыкты айтып жатканда табалап бир топ сөз айтып, мам.каналдардан жамандап берди эле. Бийликке ким тийишсе жамандап бериш үчүн кезекке тургандардын сап башында эле. Кошомат кылууга биринен бири өтүп, топтошуп жүргөн дүжүрлөрдүн шагы дагы далай сынат. Чындык өз учурунда айтылганы баалуу.

Эми эмне дейбиз. Аксакалдык кылып бийликти жамандап чыкчу болбоңуз. Даканса туруңуз эми. Дакансалыкка бекем туруңуз. Аксакалдыктын бийик парасаты ошол эмеспи...

Кызмат үчүн эмес, Кыргыз үчүн кызмат кылгыла! Калыстык, чындык сынса шактын сынганы бир тыйын!”, - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости