www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиев былтыркы төңкөрүштөн кийин чет өлкөгө качып кеткен. Арты таза эмес экенин алдыртан билген да. Бир топ убакыт сыртта жашынып жүрүп, аз күн мурда Кыргызстанга кайтып келип, УКМКга 20 миллион сом төгүп бергени кабарланды.
Албетте, оозду куу чөп менен аарчыгандай болуп, бул сумма менен “сүт эмизип” койгондой сезилди. Себеби, ал өмүр бою бажы тармагында иштеп, жетекчилик орундарга чейин жетип, кыйла байыган... 2015-жылы Алиярбек Абжалиев жетиштүү добуш албаса да “Республика – Ата Журттан” мандат алып, партия жетекчилиги менен чырдашып да жүргөн жайы бар.
Бийликке кошомат кылууну өздөштүргөн эргул миң түрлүү амалданып, агездеги премьерминистр Сооронбай Жээнбековдун кызын уулуна алып берип, кан куда катары керсейип калганы эсибизди. Дал ошол күндөрдөн тарта Алиярбек Абжалиев күмөндүү бизнес долбоорлорду баштап, миллиондорду жасоонун амалына өткөн.
Ал тез арада жер аянттарына, кандайдыр бир объекттерге ээ боло баштаганы ачык айталбаса да, көмүскөдө “калбыры” угула баштаган эле. Кийин Соке президент болгону кудасы Абжалиев ири бизнес долбоорлорун айландырып калганы жашыруун эмес болчу.
Кыскасы, кыйла ирденип, мамлекеттин эсебинен байып кеткенин кантебиз? Карапайым калкыбыз үчүн Кудайдын көзү түз экен, былтыр октябрда бийлик алмашып кетип, Сооронбай Жээнбековдун туугантуушкандарынын, жакындарынын бети ачыла берди. Алардын арасынан кудасы оркоюп көрүнүп, көп өтпөй качып кеткен.
Сыртта бир канча ай “куйрук түйүп” жүрүп, акыры келди. Жең ичинен соодалашканы байкалып турат. 20 миллион сом менен көз жазгырып, калган дүнүйө-мүлкүн сактап калса, карап отура беребизби?
Жо-ок, Алиярбек Абжалиевден 100 миллион сом “кустурса” да аздык кылат. Бул шектүүгө бийликтин гумандуулук кылганы уят. Эртең эле баары ачыкталат. Же көмүскө мааниде сол чөнтөккө миллиондорду өзүнчө төлөдүбү?..
Булак: Азия News гезити