www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кумтөр» алтын кенин башында эле булгай баштаганы белгилүү. Башкысы «Кумтөр» Акаев үчүн ичип-жей турган аштоо болгон. Акаевдин буйругу менен түзүлгөн өкмөттүн 2003-жылы 31-декабрдагы жаңы келишими канадалыктардын «оозуна талкан тыккан» келишим болду. Акаевдин мындай чечими – мамлекетке жасаган чыккынчылыкка тете болгон. Себеби, мурунку түзүлгөн келишимдер боюнча 2007-жылы 10-майда «Кумтөр» кенин башкаруу толугу менен кыргыз бийлигинин колуна өтүп, өндүрүштүк инфратүзүмдөргө кожоюндук кыла баштамак. Башкы келишимде каралган 66,67% үлүш менен кен казып алуунун натыйжасында өлкөдө экономикалык жогорулоо башталмак.
«Өтүгүн төргө илген» Акаев өкмөт башчы «Танайчиктин» колу менен «Центерра голд инк» компаниясына «Кумтөрдүн» байлыгын биротоло өткөрүп берген. Ошол күндөн кыргыз бийлиги өзүнүн алтын кенин башкаруудан куру жалак калган. Бул кылмыштуу келишимдин артында турган Акаев баш болгон «мафия» ушул күнгө чейин жоопкерчиликке тартылбай келе жатат. Келишим түзөрдөн мурда Канадада катталган бул шектүү «Центерра голд» компаниясынын келечеги барбы, жокпу, кыргыз бийлигинен эч ким сураган эмес.
«Центерра голд инк» компаниянын жалпы үлүшүнө Кумтөр кенинен башка, Монголиядагы «Бороо», Гацуурт», АКШдагы «Рен» кенинин үлүшү кошулганы менен, «Рен» деген кендин бар экендиги жөнүндө эч жерде далилдүү маалымат жок. Америкада алтын казып алуучулар салыктын 7 түрүн төлөшөт экен. Анын ичинде казып алынган жерлерди калыбына келтирүүгө атайын каражаттарды бөлүшөт. Ал эми Кыргызстанда иштетилген жерлерди калыбына келтирүү боюнча канадалык «Кумтөр голд компани» компаниясы акча бөлгөнү менен анын эсеби чет өлкөлүк Лондондогу банкта.
Канадалык компания менен кыргыз бийлигинин кызматташуу таржымалына сарасеп сала турган болсок, Кумтөр кенин иштетүү боюнча алгачкы келишим 1992-жылы түзүлгөн. Анан фабриканы куруу, электр энергиясын тартуу, калдык сактоочу жайлардын, жолдордун, жатаканаларынын, комбинаттын курулушу дээрлик беш жылга созулуп 1997-жылдын май айынан алтын казып алына баштаган. Демек, ал келишим он жылга түзүлүп, 2007-жылы 10-майда ишкана толугу менен Кыргыз Өкмөтүнүн жетекчилигине өтүшү керек эле.
2007-жылдан баштап Кыргызстандын экономикасы 66,67% пайыз үлүш менен эбегейсиз киреше табууга болор эле да. Торонтодогу биржада катталган эл аралык деңгээлдеги компаниянын биздин өлкөбүздө, биздин пайдабыз үчүн иштеп жатышынын эмнеси жаман? Акаев элдин жашоо-шартынын кызыкчылыгын ойлосо, мындай чыккынчылык келишимге барбайт болчу. 2002-жылы Канадалык «Камеко» компаниясы «Кумтөр оперейтинг компани» ишканасын реконструкциялап, инвестиция тартпайлыбы» деген сунушун Өкмөткө жолдойт. «Инвестиция тартпайлыбы» деген сөздүн артында «чогуу жебейлиби» деген кызыкчылык жатат. Тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «ушундай сунуш киргизгиле, биз колдоп беребиз» дегендер биздин коррупционер-жетекчилердин «акылы» десем жаңылышпаймын. Ошолордун түрткүсү менен келишим түзүлгөн. Анткени, алдыда 2007-жыл жакындап келаткан. Келишим боюнча канадалыктардын «Кумтөрдөн» чыгып кетишине аз калган. Ошондуктан, биздин жетекчилер аларды пайдалангысы келген. Анткени, алтын көп казыла баштады. Дүйнөлүк рынокто алтынга болгон баалар өстү. Ушундан улам, «Центерра» компаниясын түзүү аферасына кыргыз бийлиги биринчилерден болуп демилге көтөрүп чыккан. Эгерде кызыктар болбосо, анда токтотуп коёт эле да. Элди ойлогон бийлик, «бизге кереги жок, келишим боюнча иштейбиз» дешсе, ким кой демек.
«Кумтөр» кенин иштетүү боюнча жаңы келишимди түзүүдө кыргыздын коррупционер бийлигинен ашып түшүп, Монголиядагы, Америкадагы алтын кендерин бетине кармашып, «ошол жактан дагы пайда көрөсүңөр» деп алдашкан. Ошентип, Совет доорунда эле иликтенип, далилденген 716 тонна алтын запасы бар Кумтөр кени, Монголиянын 43 тонна алтыны бар «Бороо» жана болжолдуу 50 тоннадай алтыны бар «Гацуурт» кендери, Американын Невада штатындагы 30 тоннадай алтыны бар «Рен» кени жаңыдан түзүлгөн «Центерра голд инк» компаниясынын курамына кирет.
Негизи, «Центерра голд инк» компаниясы түзүлгөндө Кыргыз Өкмөтү 69 пайыз үлүшкө ээ болушу керек болчу. Себеби, Кумтөрдөгү алтындын запасы жанагы аты аталган башка кендерди кошкондо 6 эсе көп экенине карабастан, Кыргызстан 32 пайыз гана үлүшкө ээ болгон. Калган 68 пайыз үлүш канадалык ишкерлерге өтүп кеткен.
Экс-президент Аскар Акаевдин кызыкчылыгынын айынан Кыргызстан аферанын барымтасында калды. Биздин өлкөнүн деги эле «Центеррага» кирүүнүн зарылчылыгы жок болчу. Ансыз деле мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүү эле.
«Кумтөр» кениндеги Кыргыз өкмөтүнүн үлүшүн Л. Хоменюк айтмакчы тыйынга айландырып, акцияларга алмаштырышып, кыргыз элинин энчисине тийген 32 пайыздын 17 пайыз үлүшүн Николай Танаев, Аскар Акаевдин колдоосу менен 96 миллион канадалык долларга ит бекер сатып жиберген. Ал кезде алтындын бир унцийи
300 долларга жетчү эмес. Ортомчул конторалар аркылуу саттык деген шылтоо менен, эки еврейге ортомчул кызматы үчүн 10 миллион доллар төлөп беришкен. Алардан 1 тыйын салык алынган эмес. Чын-чынына келгенде бул акчаны өзүлөрү эле канадалыктар менен бирге бөлүп алышкан.
Ошол учурда кыргыз Өкмөтүнүн миллиондогон акцияны сатууга эч кандай зарылчылык жок болчу. Алтындын баасы төмөн болуп турган. Кыргызстандын экономикасына олуттуу зыян алып келген кырдаал жаралган эмес болчу. Ойлоп көрүңүзчү, Кыргыз Өкмөтү акциянын үлүшүн кимге сатышы мүмкүн? Албетте, ошол эле «Камекого» саткан! Демек, бирге иштеп келген компанияга акцияны сатууда эки еврей брокердин эмне кереги бар эле? Айтор, «брокердик кызмат көрсөтүү» деген шылтоо менен 10 миллион долларды бөлүп жеп коюшкан. Буга Кыргыз мамлекетинин жетекчилиги өтө кызыктар экени талашсыз. Экономикалык жактан алып караганда Кыргызстан үчүн ыңгайсыз экенине карабастан, ушундай соодалашууга барышкан.
«Камеко» сатып алган акциянын эсебинен, «Центерра» 52 пайыз акцияга ээ болуп, «ханга салам бербес» монополист болуп калган. Башкача айтканда, «Центеррага» тийиштүү Монголиядагы «Бороо», «Гацуурт», АКШдагы «Рен» кендеринин контролдук пакет акциясынын кожоюну болгон. Анан «Камеко» кол тийгис компанияга айланган.
Экинчиден, «Центерранын» акциясынын 8,4 пайызы (миллиондогон акциялар) кыргыздын коррупционер жарандарына берилген. Негизи эле аферанын максаты, «Центерраны» уюштуруп, 8,4 пайыз үлүшкө ээ болууну көздөө болгон. Алар кимдер болушу мүмкүн?.. Менимче, Акаев, Танаев алардын балдары жана башкалар.
Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg