www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн текшере турган депутаттык комиссия, «мамлекеттик комиссия» деп өзгөртүлдү. Тиешелүү токтом бүгүн парламенттин жыйынында кабыл алынды.

Аталган комиссияны Акылбек Жапаров жетектейт, ал эми орун басары дагы бир депутат Умбеталы Кыдыралиев болот.

«Президенттик аппараттан, өкмөттөн сунуш түшүп, алардын өкүлдөрүн дагы кошуп мамлекеттик комиссия түзсө туура болот деген сунуш түштү», — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин депутаттык комиссия түзүлүлүп, текшерүү учурунда компаниянын эрежени сактаган-сактабаганын карап чыгары айтылган.

Комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирди:

Каныбек Иманалиев — «Ата Мекен»;

Өмүрбек Бакиров, Рыскелди Момбеков, Самат Ибраев, Айнуру Алтыбаева - КСДП;

Умбеталы Кыдыралиев, Абдыбек Дюшалиев, Закир Шарапов - «Республика - Ата-Журт»;

Акылбек Жапаров - «Бир Бол»;

Осмон Турдумамбетов – «Өнүгүү-Прогресс»;

Замирбек Эсенаманов, Урматбек Самаев – «Кыргызстан».

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости