www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Башкы прокуратуранын ишин сындады

Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Үмбөталы Кыдыралиев чет өлкөдө камалган Кыргыз жарандарын мамлекетке которуу маселеси боюнча кайсы мамлекеттик орган иш алып барары тууралуу сурады.

Буга байланыштуу Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев экстрадициялоо маселеси менен Башкы прокуратура иш алып бара турганын билдирди. Анын айтымында, КМШ аймагында экстрадициялоо Минск жана Кишинев конвенцияларынын негизинде жүзөгө ашырылат.

Ал эми эл өкүлү: «Сиз туура эмес айтып жатасыз. Москвада 1998-жылы түзүлгөн конвенция бар. Сиз диломатиялык конвенцияны айтып жатасыз. Аны билбейсизби?» - деди.

Өз кезегинде Ишеналиев ал боюнча маалыматы жоктугун билдирди.

«Келесиз эч нерсе билбей отурасыз. 1500 жаран Орусияда, 2500 Казакстанда отурат. Даярданып келбейсизби. Алардын туугандары качан Башкы прокуратура алып келет деп күтүп отурат да», - деп сын айтты депутат Кыдыралиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости