www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Сосновка» посту оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун аймагында, өзгөчө тоолуу аймактарда, атап айтканда Бишкек - Ош унаа жолунда аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу жол кырсыктарын жана жол тыгынын алдын алуу максатында «Соснавка» стационардык посту 15:00 дон 08:00 гө чейин оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабык болот.

Ошондой эле, Чүй облустук ИИББ ЖКККБ кызматкерлери жарандарды тоолуу аймактарга жолго чыкпай турууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости