www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жылы өлкөдө инфляция өсүп, жылдын орто ченине карата акырындык менен туруктуу абалга келет. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.

Башкы банктын маалыматына ылайык, дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда баалар өсүп, анын жыйынтыгында өлкөнүн инфляция көрсөткүчүнө да таасир эткен.

--"Кыргызстанда жылдык инфляция 2021-жылдын 12-февралына карата 10,2 пайызды түзгөн", — деп билдирди Улуттук банк.

Инфляция азык-түлүктүн айрым түрлөрүнө, импорттолуучу товарларга болгон баалардын өсүшүнүн эсебинен калыптанган. Дагы бир себеп 2021-жылдын биринчи кварталында алкоголдук жана тамеки продукцияларына акциздик салыктын көбөйүшү түрткү болгон.

"Түптөлгөн ички жана тышкы факторлорду эске алганда, инфляциянын бир аз тездеп, жылдын орто ченине карата акырындык менен туруктуу абалга келери, жыл аягында бир калыпка түшөрү күтүлөт", — деп белгилейт Улуттук банк.

Башкы банк учурда ички валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости