www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пхукет аралында кыргыз жигит асынып алды

Таиланддын Пхукет шаарындагы кароосуз калган мейманканада Кыргызстандан келген турист асынып алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу chiangraitimes курорттук арал полициясына шилтеме берүү менен билдирет.

Тамбон Теп Красаттри районундагы кароосуз калган имараттын үчүнчү кабатынан 28 жаштагы Адилет Б.нын жансыз денеси табылган.

Полиция мушташуунун белгилери да жок экендигин билдирди. Маркумдун иниси полицияга анын агасы жума күнү кечинде Пхукеттеги үйүнөн чыгып кеткенин, андан кийин аны менен сүйлөшпөгөнүн айткан. Анын айтымында, өз жанын кыйган адамдын карызы боюнча көйгөйлөр бар болгондуктан ушул себеп болушу мүмкүн. Өз өмүрүнө кол салуудан мурун, кыргызстандык жаран Таиланддын сыртындагы жубайына видео жиберген. Полиция видеодо эмне болгонун билдирген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости