www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз бийлигинин буга чейин эч бир  тилин алып төлөмдөрдү көбөйтүүнү ойлоп да койбогон Кумтөр деген алтын кени бар. Кыргыз өкмөтү менен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр алтын кени боюнча жаңы стратегиялык келишиминде көпчүлүк багыттарда төлөмдөрдү көбөйтүү каралып жатат. Келишимге байланыштуу сүйлөшүүлөргө кыргыз тараптан жооптуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди:

- Дээрлик бардык позициялар боюнча төлөмдөрдү көбөйтүп жатабыз. Анын ичинде экологиялык жана башкалар бар. Канчага көбөйөрүн азырынча айткан туура эмес. Себеби жаңы келишимге кол коюла элек, бирок азыркы каралып жаткан биздин варианттагы келишимде мурунку жетишкендиктерге кошумча каражат каралып жатат.

Боронов кошумчалагандай, "Центерра Голд" менен Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун түзүү каралууда. Ал фонд аймактарда социалдык долбоорлорду каржылоо жаатында иш алып барышы керек болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости