www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөрдүн колдоосу менен 120 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Кумтөрдүн колдоосу менен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Суу айылында 120 орундуу  жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. 

«Кумтөр Голд Компанинин» президенти Алмазбек Барыктабасов Ак-Суу айылынын тургундарын жаңы бала бакчанын ачылышы менен куттуктады. 

«Ар бир жаңы бала бакча, ар бир жаңы мектеп, ар бир жаңы спорт зал – бул биздин келечегибизге, балдарыбызга, жергиликтүү элдин жашоосун жаңы деңгээлге көтүрүүгө салынган инвестиция. Бүгүнкү күндө мамлекет кичинекей бөбөктөрүбүздүн инсандык жана физикалык жактан өнүгүүсү үчүн баардык ыңгайлуу шарттарды түзүүгө абдан көп күч-аракет жумшоодо. Биздин компания дагы бул иште өзүнүн салымын кошуп, коом алдындагы социалдык жоопкерчилигин татыктуу аткаруунун алкагында жаңы бала бакчанын курулушун чын ниетибизден колдоого алдык. Жаңы бала бакча Ак-Суу айылынын эле эмес, бүтүндөй Кыргызстандын намысына жараган уул-кыздарды тарбиялап чыгарган куттуу жайга айлансын», - деп баса белгиледи ишкана жетекчиси.

«Кумтөр Голд Компани» бул бала бакчаны керектүү жабдыктар жана эмеректер менен жабдууну дагы өз мойнуна алган. 

Кошумчалай кетсек, жакында эле «Кумтөр Голд Компанинин» каржылык колдоосу менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Темир-Канат айылында дагы 40 орундуу жаңы бала бакчанын ачылышы болгон.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости