www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониялык дзюдочу Ута Абэ Париж Олимпиадасында атаандашынан жеңилип калгандан кийин шолоктоп ыйлаган видео тарап, талкуу жаратты.

52 килограммга чейинки салмакта Токио олимпиадасынын чемпиону Франциянын борборунда өтүп жаткан Олимпиаданын 1/8 финалында Өзбекстандын өкүлү Диёра Келдиёровага күтүүсүздөн жеңилип калган.

Жеңилген соң, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону ыйлап баштаган. Аны машыктыруучусу сооротконго аракет кылып, көрүүчүлөр кол чаап турушту. Абэ акыркы жолу 2019-жылы жеңилүү ызасын тарткан. 

Ута Абэ кийинчерээк Киодо басылмасына берген маегинде: «Мен жеңилип калганда тынч тура алган жокмун, анткени буга чейин Олимпиада жөнүндө көп ойлонгом, ошол күн үчүн көп нерсе жасадым», — деген.

Ал кошумчалагандай, өзбекстандык Келдиёрова мыкты техниканы көрсөткөн. 

Ал эми дзюдо боюнча Олимпиада чемпиону, Ута Абэни жеңип алган өзбек спортчусу Диёра Келдиёрова өзбекстандыктарды япониялык атаандашы Ута Абэ тууралуу терс пикирлерди жазууну токтотууну суранды.

«Бул спорт, бизди бириктирген күч! Биз дзюдо менен машыккан үй-бүлөбүз. Менин оюмча, дзюдо адамдын сыйлаганды үйрөтөт», — деп жазган Келдиёрова Инстаграм баракчасына. 

 
 
Булак: NazarNews.kg

Последние новости