www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон топ мамлекетке бир кыйла дүрбөлөң салды. Жыйынтыгында ач кыйкырык, куу сүрөндөр мамлекеттик кызматка келсе, алардын арасында мыктылары деле жок эмес. Ошентип митингдин шарапаты менен Садыр Жапаров эркиндикке чыгып, төрдү ээледи. Тилекке каршы Жапаровдун айрым жандоочулары ашыкча “артынып” жатканын социалдык тармактарга тарап, кызуу кандуулукка алдырып жатканы айтылууда. “Жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдойбуз” деп келген жаңы бийликтин кадамы такыр тескери кеткендей. Алсак, таштанды айланган жерди көп тармактуу текстиль комбинатын курган Нурбек Осмоновго таш ыргытылып, коңгуроо кагыла башталганын уктук. Бул көрүнүшкө “Таштанды талаага шаарча куруп, завод салган азаматтарга кыянаттык жасабагыла!” , - деген нааразычылыгын айтып, белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов үн катты.

--Өлкөнүн өнүгүшүнө ишеним жаратып, келечекке үмүт арттырган "Каганат инвест" холдингди кара булут каптап, колдоонун ордуна колун бурап жаткан суук кабарды уккандан бери тынчым кетип, уйку качты. Эгемен доордон бери эң биринчи ири завод, текстиль комбинаты курулуп жатканын угуп, чыдабай атайын Ошко уулдарымы ээрчитип барып өз көзүм менен көрүп келгенден бери чечекейим чеч болуп жүрдүм эле. Таштандыга айланган, топурактары аң болуп казылып, кыш заводко ташылган жараксыз жерге миллиондогон сомду коротуп, бир жылдан бери тегиздеп, жаркыраган шаарча, чөлкөмдө теңдеши жок электромобиль заводун, көп тармактуу текстиль комбинатын куруп, бери дегенде 20 миң жумушчу орун даярдап жаткан жергиликтүү инвестор Нурбек Осмонов инимин изги ишине кинээ коюлуп, итчилик кылып жатканы кечирилгис иш болууда.

Жапониянын атактуу Ниссан, Кытайдын эң алдыңкы Донгфен корпорациялары менен келишим түзүп, Европанын ГЭС куруучу, кездеме токуучу эң алдыңкы технологияларын алып келип жаткан "Каганат инвест" холдингдин иши токтогону турат. Келечекте миллиарддаган доллар киреше алып келе турган өндүрүш ураганы жатат.

Береги сүрөттөгү, роликтеги таштандыга салынып жаткан өндүрүштү, шаарчаны токтотпой, тескерисинче колдогула!

https://scontent.ffru7-1.fna.fbcdn.net/v/t1.0-9/126176170_3540596586034059_1314070705939687259_n.jpg?_nc_cat=104&ccb=2&_nc_sid=8bfeb9&_nc_ohc=dC4H9lWwyl8AX8BJq4C&_nc_ht=scontent.ffru7-1.fna&oh=9ce8f467eed09b651955f88060f2f3b4&oe=5FDD6972

Жеңилдик кылып, таштанды жердин баасын асмандатпай, бекер кылып бергиле! Суу, свет, жолдорун мамлекеттин эсебинен чечкиле. Ошондо гана мигранттар өз мекенине кайтат, казынага киреше кирет, карыздарга каражат топтолот, инвестициянын келишине ишеним жаралат.

Кыргыздын мыкты уулу Нурбек Осмоновго бут тоспой, жол ачып, колдоо көргөзгүлө! – деп жазган тарыхчы Кыяс Молдокасымов.

https://scontent.ffru7-1.fna.fbcdn.net/v/t1.0-9/126316144_3540596689367382_4859945435533787767_n.jpg?_nc_cat=104&ccb=2&_nc_sid=8bfeb9&_nc_ohc=6pfsHkfLU4gAX98OjzG&_nc_ht=scontent.ffru7-1.fna&oh=9d3837a2e2910d9d713e679a79c95c97&oe=5FDD0FDF

Булак: NazarNews.kg

Последние новости