www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО- Бишкекте алты унаа кагышты

Бишкекте бир нече автоунаа кагышып, анын кесепетинен адамдар жабыркаганын шаардын Кайгуул милиция кызматынын башкармалыгы билдирди.

Авария 20-ноябрь күнү саат 22.00дөрдө Дэн Сяопин проспектисинде болгон. Окуя болгон жерден тартылган видео “Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Анда бир нече машина кагышып, бирөөнөн арак жана желим стакандар табылган.

Кайгуул милиция башкармалыгынын алдын ала берген маалыматы боюнча, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа Бишкекти көздөй келе жатып Audi-100 менен сүзүшкөн. Кагылышуудан кийин Mercedes күү менен жолдун четине сүрүлүп, Nissan Primera, Toyota Wish, Daewoo Nexia жана Toyota Ist автоунаалары жабыр тарткан.

Натыйжада үч киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Mercedes машинасын 41 жаштагы эркек киши айдап келе жатканы айтылды. Анын мас же соо экени азырынча белгисиз.

Кырсыктаган көлүктөрдүн баары айып короого токтотулуп, экспертизалар дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости