www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Американын Global Finance каржы басылмасы Кыргызстанды жакыр өлкөлөрдүн катарына кошуп, 148-орунду көрсөттү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу алты тепкичке артка кеткенибизден кабар берет. Өткөнжылы Кыргызстан 142 орунда болчу.
Экономикалык өсүш жактан артка кеткен Кыргызстан, инвестиция тартуунун булактарын издей баштады. Президент Алмазбек Атамбаев Россия, Казакстан, Турция, Индия, Бельгия, Бириккен Араб Эмираттары, Франция мамлекеттерине болгон иш сапарларында, негизги максатты Кыргызстанга инвестиция салуу керектигине басым жасады.
Бирок, көрсөткүчтөр көңүл жылытаарлык эмес. Улуттук статистика комитетинин берген маалыматына таянсак 2016-жылы аркы жылга салыштырмалуу инвестициянын көлөмү кыйла азайып кеткен. Өлкөгө кирген инвестициянын көлөмү $654 млн 800 миң. долларды түзүп,2015-жылга салыштырмалуу 2,4 эсеге кыскарган. 2015-жылы Кыргызстанга $1 млрд 573 млн 243,7 миң доллар тыштан инвестиция кирген.
Инвестициянын келишинин негизги шарттары болуп, ириде ал өлкөдө стабилдүүлүктүн болушу, инвесторлорго болгон өлкөдөгү жеңилдиктер башкы орунда турат. Кыргызстан митингдери көп өлкө катары белгилүү. Нааразычылыктар ар жылы куру болбой 2011-жылы 1 193 факт, 2012-жылы 1 286, 2013-жылы 849, 2014-жылы 448 факт, 2015-жылы 239 митинг катталган. Социалдык-экономикалык багытта - 249 митинг болгон.
Бул жагдайлар мамлекеттин ичинде чечилген маселе болбогонун билген Президен Атамбаев барган жеринде кепилдиктерди берип, өлкөдө саясий туруктуулуктун орногонун, коррупция тизгинделгендиги туурасында кеп кылууда. Индия, Араб Эмираттарына болгон иш сапарларында “Өлкөнүн өнүгүшүнө салынган акча булактарына кол салгандардын орду түрмө, аларды биз аесуз жазалайбыз”-дегени менен эсте калды.
Президенттин бул сөздөрү Кыргызстанда 25 жыл аралыгында түптөлүп, тамырлаган коррупция, келген инвесторлордон “шапке” алуу, бей стабилдүүлүк кеңири кулач жайган өлкөбүзгө чет элдик инвесторлордун ишенимин ойгото алдыбы?Инвестицияга муктаж мамлекеттик органдар, тармактар Президентти уят кылбай “алагар колум алаган” адатынан баш тартып, мамлекет кызыкчылыгын биринчи орунга коюуга даярбы? Инвесторлордун Кыргызстанга кызыкпай жатышынын себептерин изилдеп көрдүкпү?
Буга чейин келген инвесторлордун тез эле өлкөдөн чыгып кетүүлөрүнө, өлкөдөгү өндүрүштүк сырьелордун, кендердин жана башка булактардын сапатсыз же инвестор кызыккандай абалда эместиги, мамлекеттик деңгээлде кулач жайышы жана укуктук талаада аларга карата мамлекеттин камкордугу жоктугу себеп болуп келген. Кыргызстандагы ар бир өткөрүлгөн тендерлерде обьектинин жең ичинен сатылышы, ырасын айтсак инвесторлордуиренжитип салган.
Инвестиция-бул аярлыкты, этияттыкты талап кылат. Анан калса алардын да кызыкчылыктары тоодой. Өндүрүлгөн товарды сатуу маселеси да бар. ЕАЭБге киргенибиз менен товарларды сыртка чыгарууда лабораториялык, санитардык норма жактардан жылыштар болбой жатышы дагы, инвесторлордун келбей жатышынын негизги себептеринен. Бирок, бул жагдайга караганда инвесторлор үчүн, жеке тараптардын “саясий кызыкчылыктары” баш ооруткан маселе. Келип жаткан инвестициянын “көмүскө кожоюндарынын” пайда болушу, чоң тоскоолдуктарды жаратат.
Мындай көрүнүштөр ар бир тармактагы инвестицияны жалтак мүнөзгө айлантып, эл аралык деңгээлде аткарылуучу экологиялык, экономикалык шарттарды аткарбоого түрткү берүүдө. Ал Кумтөрдүн абалына алып келүүдө. Инвесторлор кайсы бир өлкө менен кызматташканда, ишенимдүү эл аралык изилдөөлөргө көңүл бурушат. Жыйынтыктарды карап чыгып, ишинин келечеги кандай болоорун иликтешет. Бул бизнес үчүн абдан маанилүү. Кыргызстандагы коррупциянын абалын чет элдик инвесторлор алаканына салгандай көрүп турат.
Жакында эл аралык Transparency International уюму дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли боюнча кезектеги баяндамасын жарыялады. Изилдөөгө ылайык 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 136-орунду ээлеп, эң көп пара берилген өлкөлөрдүн катарына кирди. Мындай изилдөөлөр бийликке кулак кагыш гана болбостон, Кыргызстанга келе турган чет өлкөлүк инвесторлор үчүн да маанилүү болуп саналат.
Мисалы, Жерүй алтын кенинин лицензиясынын 6 жолу колдон-колго өткөнү, кыргыз бийлигинин инвесторлорго болгон мамилесин ачыктап койду. Конкурстук негизде сатылган Жерүй кени, өткөрүлгөн конкурстун экинчи этабында ишке ашып, анда коюлган 300 млн. доллар баштапкы баа, 100 млн. долларга кыскартылып барып өттү.
Жерүйдө жолу “шапке” алмаштыруулар, айрым иштер коррупциялык иштер менен коштолгону эске алынбай, кен кымбатка 300 млн. долларга бааланганы менен түшүндүрүлдү. Мындай жагдайлар ар бир кен ишканаларында боло келе жаткан көрүнүштөр.
Мамлекеттин мыйзамына жооп берген Жогорку Кеңеште инвесторлорго карата негиздүү да, негизсиз да сындар айтылып калат. Кыргызстанга ири суммадагы инвестиция салууга жетишип, өлкө бюджетине жылына 5 млрд. сомдон ашык акча төлөгөн Кумтөр ишканасы, мамлекет үчүн ири көлөмдөгү инвестор экенин унутта калтырбоо керек. Мындай кызыкчылыктан улам, негизсиз айыптоолор башка инвесторлордун келишине кедергизин тийгизип жатпагандыгын айтуу кыйын.
Кумтөрдө маселе көп. Бекеринен кылымдын “аферасы” аталбаган. Колдоп, коргоп жатканыбыз жок. Баары баштагы келишимдерде дыкат каралууга, мамлекетибиз “мандемдерди” ошондо ойлонуусу керек болчу дегенди кыйытып атабыз. Бул биздеги саясий чечимдердин алсыздыгын билдирет. Качан керек учурда, келген инвесторлорду өзүм билемдикте, каалагандай “саай” берсек боло берет дегенден алыс болушубуз шарт. ЖКда ушул эле Кумтөр боюнча айрым депутаттар, ишкана жылына 1 млрд кВтс энергияны 2,24 сомдон пайдаланаарын, аларга электрэнергиянын баасын 2,56 сомдон кылсак, элди кыйнабай, электр жарыгына болгон социалдык бааны өзгөртпөй эле коюу маселеси чечилээрин айтышкан.
Элге кам көрүү депутаттардын милдети. Бирок, инвесторлордун дагы шарттарын карап чыгуу, келишимдерди бузбоо дагы бар эмеспи. Ал жагы дайыма унутта калып, популистик кадамдар көп учурда үстөмдүк кылат. Бийлик ушинтип жатса, анан кайдагы инвестициянын келүү кепилдиги тууралуу сөз кылууга болот? Парламенттин жаңы курамы улуттук экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн бир да мыйзам кабыл алганын көрүүгө мүмкүн болгон жок.
Экономиканы көтөрүүнүн жолдорун инвесторлордун эсебинен, обу жок салык салуу же үстөмдүк көргөзүү шарттары менен көтөргүлөрү келеби? Өз милдеттери жана ыйгарым укуктарын кээде ашкере агытып, өкмөттүн милдетин өзүнө алып, аткаруу бийлигин колуна жыйгысы келгендигин гана көрсөтүүдө. Ар бир мамлекеттик тармак өзүнө тиешелүү иштердин өтөсүнө чыгып, экономикалык өсүш багыттарын саясий аракеттерге аралаштырбаса ган өсүш болот. Мамлекеттин өнүгүү шарттары инвесторлорго киндиктеш экенин эстеп койбосок, “митингдердин мекени” болгон Кыргызстанга акыркы кездерде инвестициянын келиши кыйынга тураары бышык.
Булак: "Алиби"