www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дээрлик 2023-жылдан бери кан төгүлүп жаткан Украинадагы согуш жаңжалын токтотуу мүмкүнчүлүгү кайрадан эл аралык деңгээлде талкууга түштү. Бул ирет демилге Вашингтондон чыкты. Дональд Трамп 16-октябрда Россия президенти Владимир Путин менен болгон телефон сүйлөшүүсүн “натыйжалуу жана ишенимдүү” деп атады.
Президент Владимир Путин Трамп менен болгон эки жарым саатка созулган эң узак телефондук сүйлөшүүсүндө АКШ тарабынан Украинага Tomahawk сыяктуу кыйратуучу ракеталарды берүү демилгеси кырдаалды жөнгө салуу эмес, тескерисинче, андан ары курчута турганын баса белгилген. Аткени аталган куралдар өзөктүк курал алып жүрө алары белгилүү. Теориялык жактан алар Москвага чейин жетиши мүмкүн. Демек, бул жөн гана «колдоо» эмес, түздөн-түз коркунуч катары кабыл алынат. Буга байланыштуу, Путин: “Мындай кадамдар тынчтык аракеттерине түздөн-түз зыян келтирет жана Россия менен АКШнын ортосундагы мамилени начарлатат”, - деп эскерткен.
Тараптар жакынкы апталарда Венгриянын борбору Будапештте жолугушары күтүлүүдө. Анда эки өлкөнүн лидерлери түз сүйлөшүп, согушту токтотуу маселесин ачык талкуулашат. Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков тараптар конструктивдүү кадамдарга даяр экенин билдирди.
Тарыхый жолугушууга Венгрия премьер-министри Виктор Орбан да активдүү катышууда. Ал согуш башталгандан бери бейтарап позицияны карманып, Евробиримдиктин Украинага көз карандысыз түрдө жардам көрсөтүүсүнө каршы чыгып келет. Орбандын пикиринде, “АКШ менен Россиянын президенттеринин жолугушуусу дүйнөдөгү тынчтыкты каалаган ар бир адам үчүн үмүт жаратат”.
Арийне, Россия Украинадагы жаңжалды күч менен эмес, диалог аркылуу чечүү позициясында турат. Тилекке каршы, Батыш өлкөлөрү, айрыкча АКШ курал берүү аркылуу “тынчтык орнотобуз” деген парадоксалдуу логиканы карманып жатышып, кырдаалды оорлотуп жиберишкенин түшүнө турган учур келди.
Россия, көпчүлүк Батыш өлкөлөрү айтып келгендей, агрессор эмес. Ал көп жылдардан бери эл аралык системанын кош стандарттарынан жабыркап келе жатат. Азыркы сүйлөшүүлөр – бул мүмкүнчүлүк. Эгерде дүйнө чындап тынчтыкты кааласа, анда курал эмес, диалог жеңиши керек.