www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев парламент жыйынында Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка байланыштуу маселени көтөрүп, тийиштуү кызматкерлер жоопко тартылбай жатканын сынга алды.
Эл өкүлү буга байланыштуу өкмөттүн маселесин кароо зарылдыгын белгилеп: «Эгер биз ЖЭБдеги коррупцияны ачып иш козгой албасак, анда өкмөт, президент, депутаттар "коррупция менен күрөшүп жатабыз" деген маселени айтпашыбыз керек. Элге уят болобуз. Бугүн биз прокуратуранын, өкмөттүн отчетун карап отурбай чукул кадамга барып, өкмөттүн маселесин карашыбыз керек. Иштей турган, жигердүү өкмөттү тузүшүбүз керек. Бүгүн өкмөт саясий жактан да, финансылык жактан да, кадрдык жактан да банкрот болду», - деп айтып чыкты.
Булак: "Фабула"