www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов 14-сентябрда "Бийликти күч менен басып алуу" деген айыптын негизинде кармалды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Жактоочунун айтымында, Асанов ИИМге суракка “интернетте тарап жаткан фейк маалыматка” байланыштуу күбө катары чакырылып, сурактан бир нече саат өткөндөн кийин кармалган. "Жазык кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" деген 309-беренеси. Курсан Асанов бирөө менен сүйлөшүптүр деген фейк маалымат бүгүн "Фейсбукта" жүргөн. Ошонун негизинде. Мен эртең менен бул тууралуу укканда Курсан Асановго милицияга арыз менен кайрылыш керектигин айткам. Себеби контексттен үзүлүп алынган жасалма тасма экен. Анан эле өзүн суракка чакырып калышты да жаап коюшту".

ИИМ бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек. Асановго карата буга чейин козголгон үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып келатат. Ал иштер боюнча Башкы прокуратура 2020-жылдын февраль айында маалымат берген.

Мекеме билдиргендей, биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлган. Экинчиси боюнча Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратууга айыпталууда. Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Ал боюнча Асановго «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негиздеги айып коюлган.

Быйыл январь айында Асановго 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу «Имаратты жана мекемени басып алуу» деген берене боюнча да айып тагылган.Асанов алгач камалып, кийин үй камагына чыгарылган болчу. Анын сотунда күбөлөр берген көрсөтмөлөрдүн көбү актаган мазмунда болуп жатканын 16-июнда жактоочулар билдирген. 

Булак: Азаттык

Последние новости