www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Генерал Исмаил Исаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге чукул Кайрылуу жасады!

Төмөндө текст толугу менен өзгөртүүсүз берилет: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы урматтуу Ташиев мырза!

2021-жылдын 14-сентябрында соцтармактарга “И.Исаков, А.Келдибеков, Ж.Жолдошева жана башкалар 17-сентябрда 100 миң адамдарды чогултуп митинг жасап, бийликти алмаштырабыз", деген лозунг менен массалык маалымат каражаттарына маек берип, алардын тарапташтары курал-жарак чогултуп жатат экен” деген акылга сыйбас, өзүнүн кыймыл аракети-акыл эси ордуна адамдын оюна келбеген, мамлекеттин коопсуздугуна жана стабилдүүлүгүнө шек келтирген, жарандардын үрөйүн учуруп, дүрбөлөндүрүп, башка мамлекеттердин жарандарын Кыргызстанга келишине коркунуч жаратып, ишкердикке, тынч жашоого, экономикага эбегейсиз сокку уруп, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып улуттун коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жараткандыгына байланыштуу, кайрылуунун авторлору С.Кадырова, М.Мамазаирова, Ү.Култаева, Ш.Алсеитова, А.Чикеевге жана башкаларына адамдарга өлүм коркунучун жаратуучу, же болбосо башка оор кесепеттердин пайда болушуна алып келген, калкты коркутуу, коомдук коопсуздукту бузуу же бийлик органдарынын чечимдерин кабыл алууга таасир этүү аракеттерди жасоо жана өзгөчө оор кылмыш жасады"/, деген айыптоо менен жалган билдирүү тараткандыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 246 жана 344-статьяларынын негизинде чара көрүүнү талап кылам.

И.Исаков

15.09.2021

Булак: NazarNews.kg

Последние новости