www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун иши боюнча сот жараяны уланууда.

Сот отурумдун жүрүшүндө, Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы Улан Жукенов суралды.

Жукенов 2019-жылдын 8-августунда документтөөчү топтордун биринин башчысы болгонун айтты.

«Биз Кой-Таш айылына чыгууга буйрук алдык, бир нече убакыт айылдын өзүндө болдук, андан кийин Алмазбек Атамбаевдин үйүнө келүү буйругу келди. ИИМнин жетекчилигинен, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан келген кыматкерлер көп эле. Алгач атайын кызматтагы аскерлер бизди үйгө киргизбей турушту, андан кийин экс-президенттин үйүнүн борбордук кире беришинде иштин чоо жайын видеого тартып жаттык», - деди Улан Жукенов.

Күбө Курсан Асанов менен Алмазбек Атамбаевдин сүйлөшүүлөрүнө катышпагандыгын кошумчалады. «Бизди ал жерде мурда газ колдонулгандыктан үйдүн ичине киргизишкен жок. Анткени, бизде респиратор жана противогаз жок болчу. Алмазбек Атамбаевди сыртка алып чыгышканда, аны унаага отургузуп, кетип калышкан. Мен Курсан Асановду мурунку мамлекет башчысы менен сыртка чыкканда гана көргөм», - деп баса белгиледи ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости