www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылыкка шектелген жаранды үй камагына чыгарышы мүмкүн. Жабырлануучулар анын прокурорлор менен тил табышып алганын айтышууда.

Жабырлануучулар 80 миң доллардан ашык суммага алдамчылык кылган деп шектелген Таабылда уулу Азаматты үй камагына чыгарууну каалаган туугандары прокуратура менен келишим түзүп алган деп шектенишүүдө.

Белгилей кетсек, шектүү бир-эки күн мурун кармалган. Ал алдамчылык жол менен 81 миң долларды уурдап алган. Сот аны эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Бирок, бул чечимге карабастан Таабылды уулу Азамат эркиндикке чыгуусу мүмкүн болууда.

Жабыркаган жарандардын бири Октябрь райондук прокурорунун орун басары Айдаров Алтынбек шектүү адамдын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко өзү келди деп ырастоодо.

Жабырлануучулар Таабылды уулу Азамат үй камагына чыгарылса, анда ал издөөгө алынган шериги кармалбай качып кеткендиктен, бул да өлкөдөн чыгып кетет деп кооптонууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости