www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда төңкөрүш, көтөрүлүш, нааразычылык акцияларынын негизинде 3 жолу бийлик алмашты. Муну эл өз колу менен жасап, жакпаган бийлигин кетирип, жактырбаган башкаруу системасын бир нече жолу өзгөртүп алды. Мындай пикирин журналист Бактияр Тукеев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Демократия кимге керек? Кыргызстангабы же Американын өзүнөбү?
СССР убагы менен андан аркы мезгилди эске албаганда эгемендик алган 30 жылдан бери Америка, ага кошулуп бир катар батыш Европа өлкөлөрү Кыргызстанга демократия орнотобуз деп очойгон акча коротуп, жүздөгөн саясий, социалдык жана экономикалык долбоорлорду ишке ашырып келет. Анын ичинде гранттык жардам, гуманитардык жардамдар ж.б.. Жардамына рахмат. Бирок кеп демократиясын орното алдыбы деген суроодо?
Кыргызстанда төңкөрүш, көтөрүлүш, нааразычылык акцияларынын негизинде 3 жолу бийлик алмашты. Муну эл өз колу менен жасап, жакпаган бийлигин кетирип, жактырбаган башкаруу системасын бир нече жолу өзгөртүп алды. Себеби, кыргыз эли эркиндикти сүйгөн эл. Кыргызга эч бир үгүт, таңулоо, тыю таасир этпээрин өз тарыхында бир нече жолу жана 6-7- октябрь окуясында дагы бир ирээт далилдеди. Анткени кыргыздын өзү менен кошо жаралган, канына сиңген улуттук демократиясы бар! Басып өткөн жолунда, башынан кечирген кыйынчылыктарда калыптанган элдик демократиясы бар!
Биз өз элибизден коргонбойлу, жашынбайлы, ачык бололу деп Кыргызстан парламенти отурган Жогорку Кеңештин имаратынын тосмосун алып салдык. А бүгүн АКШ президенттик шайлоонун таза өткөндүгүнөн шек санаган өзүнүн жарандарынан коргонолу деп эки палаталуу конгресси отурган Капитолий имаратын темир тор менен чырмап тосту. Инаугурация өткөнчө Капитолий публика үчүн жабылып, аны улуттук гвардиянын 2,5 миң аскери кайтарууга алды.
Дүйнө жүзүнө таза шайлоо системасын үйрөтүп жүргөн өлкөнүн учурдагы президенти Дональд Трамп бүгүнкү күнгө чейин шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн, массалык түрдө добуштардын фальсификациясы орун алгандыгын бүгүнкү күнгө чейин какшап айтып, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын белгилеп келет.
14- январда АКШ парламентинин өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялады. Бирок Сенат аны карап, кабыл ала элек. Импичмент маселесин кароону сенат иннаугурациядан кийинки убакытка жылдырды. Бирок АКШ мыйзамдарына ылайык президенттик ыйгарым укугу токтогон адамга импичмент жарыялоо укугу сенатта жок. Бул импичмент жарыялоо процедураларында деле так жазылып турат. Импичмент «действующий» президентке гана жарыяланат.
Эртең 20- январда Гринвич убактысы боюнча саат 17:00дө АКШда жаңы шайланган президенти Джо Байдендин инаугурациясы өтөт. Бирок учурдагы президент Дональд Трамптын эртең менен инаугурацияга саналуу сааттар калганда Вашингтондон учуп кетээри, «ядерный чемоданды» өзү менен кошо ала кетээри кабарланды. CNN телеканалы Байден расмий ишине киришээр замат Трамптын чемоданындагы код жокко чыгарылып, Байденге жаңы код берилээрин расмийлерге таянып айтып чыкты. Ошондо «ядерный чемодандын» коду кимде? Аны ким жаңыртат? Трамп президенттиктен кеткенден кийин кепилдик кимде? Дүйнө коопсуздугуна ири таасир этүүчү «ядерная державанын» жоопкерчилиги кайда? Бул чоң суроо?
Ушул сыяктуу толгон токой сясий жана укуктук баш аламандыктарга белчесинен батып турган «бүгүнкү америка» бизге окшогон эркин элге «демократия сабактарын» өтүүгө моралдык укугу барбы? деген бир эле суроо мени түйшөлтөт»? - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg