www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-апрелде Кыргыз драма театрында Кыргызстандагы коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдун 2-Курултайы болуп өтүп, жыйынтыгында 12 пункттан турган Резолюция кабыл алынган. Төмөндө кыргыз элинин соңку тарыхындагы болуп өткөн оош-кыйыштуу окуяларына, болочок тагдырына түздөн-түз тиешеси бар Курултайдын жыйынтык Чечимин толугу менен жарыялайбыз.

Кыргыз Республикасынын коомдук, саясий жана мекенчил уюмдарынын 2-Курултайынын

ЧЕЧИМИ

Кыргыз Республикасынын коомдук, саясий жана мекенчил уюмдарынын 2-Курултайына: 19 саясий-коомдук уюмдардын, илимий-чыгармачылык интеллигенциянын, белгилүү саясий-коомдук ишмерлер, ардагерлер жана ММКнын өкүлдөрү бардыгы болуп, жалпы 432 делегат, 71 конок  катышты. Күн тартибине 3 маселе:

1. 1-Курултайдын чечимдеринин аткарылышы боюнча, Аткаруу комитетинин отчету: (баяндамачы А.Бузурманкулов)

 2. Конститутциялык реформага байланыштуу КРнын  Конституциясынын 79-б, 1-п. Негизинде элдик демилге менен даярдалган “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшү (Конституциялык башкаруу түзүлүшү), шайлоо системасы, мамлекеттик башкаруунун формасы (түрү) жана башка мамлекеттик маанидеги маселелер боюнча элдин эркин билүү максатында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар жөнүндө;

3. Ар түрдүү маселелер коюлду.

Күн тартибиндеги маселелер боюнча бир баяндама жасалып, 33 делегат жарыш сөзгө чыгып сүйлөдү. Курултайдын жумушчу тобуна 16 кат, сунуш келип түштү. Аткаруу комитетинин отчеттук баяндамасын угуп, жарыш сөзгө чыгып сүйлөшкөн делегаттардын ой-пикирлерин, жыйындын жүрүшүндө  жазуу түрүндө келип түшкөн сын-сунуштарды эске алып, КР коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн экинчи курултайы Чечим кылат:

1. КР коомдук, саясий жана мекенчил уюмдарынын 2018-жылдын 24-ноябрында өткөргөн 1-курултайында кабыл алынган чечимдерин ишке ашыруу боюнча түзүлгөн Аткаруу комитетинин аткарган иши боюнча жасаган баяндамасы эске алынсын жана Аткаруу комитетинин иши канаттандыраарлык деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын саясий-экономикалык жана руханий-идеологиялык өнүгүү багытын улуттук нукка салуу, мамлекеттик башкаруунун түрүн, саясий системасын, эл менен кеңешип, туура аныктоо максатында, элдик демилге менен референдумга чыгарылып жаткан мыйзам долбоору, учурдун өктөм талабы катары баса белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков өлкө башчы катары коомдогу жанылануунуну, өзгөрүүнү   камсыздоодо элге таянып, ыкчам аракеттерди көрүүсүн коомчулук чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгы белгиленип,  Президенттин ишмердүүлүгүнө саясий-коомдук баа, 2019-жылдын күз мезгилинде өтө турган жалпы  Республикалык элдик курултайга калтырылсын жана анын коррупция менен күрөшүп жаткан саясаты ар тараптуу колдоого алынсын.

 4. КР коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн  2018-жылдын 24-ноябырында өткөн 1-курултайынын чечими менен (6-8-9-10-12-13-15 п.п.) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, КР Өкмөтүнө, КР Башкы Прокуратурасына сунушталган иш-чара, талаптар толугу менен аткарылбаганы белгиленип, КР Жогорку Кеңешинин, КР Өкмөтүнүн КР Башкы Прокуратурасынын аткарган иштери канаттандыраарлык эмес деп табылсын.

5. 2019-жылдын күз айларына жалпы  Республикалык  элдик Курултай чакырылсын.  Курултайдын ишин мыйзамдуулуктун, салттуулуктун талабына ылайык, атайын Жобонун негизинде уюштуруу жана  аймактардын,  өкүлчүлүгүн   камсыздоо коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрдүн Курултайынын Аткаруу комитетине тапшырылсын.

 6. 2019-жылдын күзүнө белгиленген жалпы элдик республикалык Курултайга чейин дагы бир жолу:

а) КР Президенти менен КР Жогорку Кеңешинен: - КР жаңы редакциядагы Конституциясынын концепция-долбоорун иштеп чыгуу, ал боюнча коомчулуктун пикир, сунуштарын жыйноо,  талдоо максатында бийлик бутактарынын, саясий, коомдук уюмдарынын кеңири өкүлдөрүнөн турган конституциялык кеңешме түзүү;

б) КР Жогорку Кеңешинен: - Элдик демилге менен даярдалган “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшү (конституциялык түзүлүшү), шайлоо системасы, мамлекеттик башкаруунун формасы (түрү) жана башка мамлекеттик маанидеги маселелер боюнча элдин эркин билүү максатында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кабыл алуу;

 - КР элдик курултай жөнүндөгү мыйзамын кабыл алуу;

 - КР Конституциясынан КР Президентинин, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кол тийбестигин алуу;

в) КР Жогорку Кеңеши менен КР Өкмөтү биргеликте: - Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн коррупциялык келишимдерди денонсациялоо;

 - Жер-үй, Талды булак, Ыштанберди, Чаткал зонасындагы алтын кендери ошондой эле башка кен байлыктар боюнча эгемендик доорунда берилген бардык лицензиялардын мыйзамдуулугун текшерип, мыйзамсыз берилгендерин, колдон колго сатылып жүргөндөрүн, эскиргенин жокко чыгаруу жана Кыргыз эли үчүн алардын пайдалуу же зыяндуулугун аныктоо, жыйынтыгын элге ачык жарыялоо максатында, тйиштүү жергиликтүү аймактардын өкүлчүлүгү катышкан Мамлекеттик комиссия түзүү;

 - Кыргызстанда уран өндүрүүгө (чалгындоого) анын ичинде Таш булак уран кенин (Кызыл-омпол) казууга түбөлүк тыюу салуу;

 -жапайы жаныбар-канатууларга, кайберендерге аңчылык кылууга (жырткыч жаныбарлардан башкасына) узак мөөнөткө тыюу салуу;

 - Көз карандысыз тергөө комитетин түзүү;

- Чек ара тилкесинде жашаган жарандардын айлык акысы, пенсия, жөлөк пулу ж.б. социалдык жардамдар, бийик тоолуу, катаал шарттуу зоналарда жашаган жарандардын же чек-ара кызматкерлеринин айлык акы, пенсия, жөлөк пулу ж.б. менен теңдештирилсин.

г) Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасынан:

1-Курултайдын чечиминин 5-6 п.п. ишке ашырып, экс-президент А. Атамбаевдин үстүнөн тезинен кылмыш иш козгоо;

1-Курултайдын чечиминин 13-п. менен “саясий туткундар” деп табылган жана Курултайдын Аткаруу комитетинин чечими менен түзүлгөн башында укук коргоочу Т.Акун турган коомдук комиссия тарабынан кошумча аныкталган жана 2-Курултайдын чечими менен кошулган К.Самаковдун, кылмыш иштерин козгоодо, тергөөдө жана сотто кароодо, экс-президент А.Атамбаевдин “буйругун” аткарышкан экс-Башкы Прокурорлор, КР УКМКнын экс-төрагасы А.Сегизбаев, Жогорку Соттун судьялары,  жергиликтүү соттордун судьялары, тергөө жүргүзгөн тергөөчүлөр аныкталып, алардын аракеттерине соттолгондордун, алардын жактоочуларынын,  коомдук комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусунда укуктук баа берилип, мыйзам бузгандарын кылмыш жообуна тартуу;

 - 1-Курултайдын чечиминин 10-п. менен тапшырылган: Кумтөр алтын кени боюнча 2005-ж. 21-апрелинде козголгон кылмыш ишин жандандыруу, же Кумтөр алтын кени боюнча коррупциялык келишимдерди түзгөндөргө, кол койгондорго жана 2009-ж. Жогорку Кеңеште аны ратификациялап мыйзамдаштырып берген Жогорку Кеңештин депутаттарына, Конституциялык Соттун судьяларына жаңы кылмыш ишин козгоо;

- Кумтөр алтын кенине тиешеси бар, чет өлкөлөрдө качып жүрүшкөн А.Акаев, Н.Танаевди Кыргызстанга алып келип соттоо же сырттан соттотуу;

- Эгемендик мезгил ичинде, сырттан алынган бардык кредит инвестициялардын конкретүү суммасын кайда иштетилгенин, кимге берилгенин тактап, элге жарыялоо;

 - 1-Курултайдын чечиминин 12-пункту менен тапшырылган: Мегаком, Бител, Батукаевдин чыгарылышы, Дача суу кырсыгы, Бишкек ЖЭБи, Тарых музейи, “Кемин-Датка”  долбоору, ж.б. ушул пунктта көрсөтүлгөн коомчулуктун көңүлүндөгү факты окуяларды, кылмыш иштерди аягына чыгаруу, күнөлүүлөрдү элге ачык жарыялоо;

- 1-Курултайдын 13-п. боюнча  Курултайдын Аткаруу комитетинин чечими менен түзүлгөн  Коомдук комиссия толуктаган жана 2-курултайдын чечими менен дагы кошумчаланган (К.Самаков) “саясий туткун” деп табылган инсандардын кылмыш иштерин жаңы ачылган жагдайлар тартибинде алардын жактоочуларынын жана  коомдук комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусунда соттон кайрадан каратуу талап кылынсын.

7. Ушул курултайдын чечиминин 6-п. көрсөтүлгөн маселелерди мыйзамдуу аягына чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдон жеке көзөмөлгө алуу суралсын жана 2019-жылдын күз мезгилине чакырылып жаткан жалпы Республикалык элдик Курултайда маалымат берсин.

8. Эгерде ушул Курултайдын чечиминин 6-п. маселелерди КРнын Жогорку Кеңеши, КРнын  Өкмөтү, Башкы Прокуратурасы 2019-жылдын күз айларына белгиленген жалпы Республикалаык элдик Курултайга чейин аткарбаса, аларды мөөнөтүнөн мурда таркатуу, отставкага кетирүү талабы жалпы элдик Курултайдын башкы маселеси катары күн тартибине коюлсун;

9.  Курултайдын чечимдерин Аткаруу комитети 2019-жылдын  күз мезгилине чакырылган жалпы Республикалык элдик Курултайга:

-Элдик Нарктын, КРнын жаңы Конституциясынын, Элдик курултай жөнүндөгү мыйзамдын элдик вариантындагы талаптарды;

 -Мурдагы Президенттер: Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин мезгилинде алынган тышкы карыздардан баш тартуунун (жалпы элдик баш тартуу) укуктуу жолун жөнгө салган  мыйзам долбоорун  алып чыксын.

10. Элдик демилге менен даярдалып Жогорку Кеңешке киргизилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшү (Конституциялык түзүлүшү), шайлоо системасы, мамлекеттик башкаруунун формасы (түрү) жана башка мамлекеттик маанидеги маселелер боюнча элдин эркин билүү максатында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча кол топтоо, аны Жогорку Кеңешке тапшыруу иштерин уюштуруу үчүн башында саясий коомдук ишмер М.Абылов турган Республикалык штаб түзүлсүн жана ага мыйзам чегинде мамлекеттик жана коомдук колдоо көрсөтүлсүн;

11. Мамлекеттик бийлик тарабынан көңүл бурулбай, бирок ошого карабай, Кыргыз улутунун тарыхы, маданияты, каада-салты, тили, нарктуулугу, ж.б. улуттук баалуулуктары, дөөлөт-мурастары боюнча көп жылдык адабий, илимий-популярдуу эмгектерди жаратышкан, эл арасында улуттук маселелер боюнча жандуу ишмердүүлүгүн талыкпай жүргүзүп келатышкан: Баяс Турал, Ч.Абыкеев, К.Исаев, Д.Сарыгулов, Б.Жумабаев, К.Кошалиев, А.Жакшылыков, Г. Момунова, Ф.Өмүрзакова, Ч.Өмүралиев, Б.Назаралиев, Н.Анаркулов, Т.Токтогазиев, Б.Бекешовду, Кыргызстандын көзкарандысыздыгынын 28 жылдыгына карата (2019-жыл 31-августа) Президенттин алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссияга сунуш кылынсын.

12. Кыргыз Республикасынын коомдук, саясий жана мекенчил уюмдарынын 2-Курултайынын бул Чечими  кызуу талкууга алынып, алымча-кошумчалар менен колго салынып, 1 делегат каршы, калыс жок, калган делегаттардын макулдугу менен кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн  2-Курултайына төрагалык кылуучу:                                     К. Кошалиев

Катчысы:                                                                              Т. Сатаров

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости