www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбукта Илимбек Исраилов деп катталган жаран Балыкчыдан эл жүрүш менен борборго келе жатканын жазып видеосун жүктөгөн. Биз  Исраиловдун жазганын эч өзгөртүүсүз бердик.

Илимбек Исраилов:“Ысык-Көлдөн карапайым калк борбор калаага жөө жүрүш менен келет жатат.Бүгүн, 29-Апрель! Эртең, 30-Апрель Ала-Тоо аянтында тынчтык митинги өтөт деп угуудабыз! Эми Улуу урматтуу мекендештер,бул чыныгы элдик сунуш,элдик тоскоолдук,элдик талаптар. Ушул урандын артынан кээ бирөөлөр да саясий упай топтогону да аракет жасашты. Кыргызстандын жараны катары мен да айтарым,бул уран маселесин саясатташтырбай, саясатчы же бир депутат, уюмдарды ары коюп, келсе как жаран катары эле келип катышып кетүүсү туура болот! Анан да Мекенибизге тынчтык керек албетте, сөзсүз провокаторлор болот эл аралап жүргөн. Провокацияга алдырбай,чыныгы позициябызды айталык уран тууралу кара пайым калк өзү эле! Азыр сыртта пайлап тургандар жок эмес,эгерде ушул уран маселеси аларга чынына көйгөйлү болсо, Кыргызстан үчүн күйүп жатышкан болсо, азыркы жөө жүргүнчүлөр 3-4 ай мурун көтөрүп чыкканда эле кошулушат эле,эми эле элдин башын айландырып микрофон талашып калышат! Эми микрофон элде,анан да ошол Уран казылып жаткан жердеги биринчилерден болуп,кыргыз элине кайрылган жергиликтүү тургундарда!”.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости