www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Тажик Эйр" авиакомпаниясынын мурдагы башчысы эч жакка чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулду. Учурда анын адвокаты менен сүйлөшүүгө мүмкүн боло элек.

“Азаттыктын” тажик кызматынын өз булактары Рахимов 26-апрелде абактан чыкканын билдиришүүдө. Ага бир нече күн калганда айыпталуучунун адвокаты аткаминердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч келтирген.

Өлкөнүн расмий түзүмдөрү Хайрулло Рахимовдун же камалышы, же боштондукка чыгышы боюнча түшүндүрмө беришкен жок.

2018-жылы декабрда Тажикстан президенти Эмомали Рахмон “Тажик Эйр” авиакомпаниясынын ишин сынга алган. Ал өлкөдөгү эң ири жүргүнчү ташыган "Боинг 767-332" учагын сатып алууда коррупцияга жол берилген деген маалыматтарды текшерүүнү тапшырган. Быйыл 21-январда өткөн өкмөттүн отурумунда президент авиакомпаниянын жетекчиси Хайрулло Рахимовду жумушта кетирген кемчиликтери үчүн тилдеп, жыйындан кууп чыккан. Кийинки күнү ал креслосунан кол жууган. Аз өтпөй анын камалганы кабарланган.

Хайрулло Рахимов кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана бөтөн мүлккө ээлик кылууга айыпталууда.

Соңку он жылда “Тажик Эйрде” алты жетекчи алмашкан, бирок абал өзгөргөн эмес. ​2018-жылы октябрда Тажикстан өкмөтү “Тажик Эйрди” банкроттон сактап калуу үчүн акцияларын жеке жактарга өткөрүп берерин маалымдаган.

Булак: "Борбор Азия жаңылыктар кызматы"

Последние новости