www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда кыйноо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-июлда ИИМдин Тергөө кызматынын тапшырмасы менен Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери Н. А. жана К. М. аттуу адамдарды кармаган.
Алардын бири Ысык-Көл облусунан, экинчиси Ош облусунан кармалган. Учурда экөө тең УКМКнын Кадрлар боюнча башкы башкармалыгынын карамагында турган. Тергөө иштерин жүргүзүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда иш боюнча башка маалыматтар ачыктала элек.