www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арадан мыйзамсыз өткөн деген шек менен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Колго түшкөн М.Д.А. өз өлкөсүндө кылмыш кылып, андан кийин Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз өтүп, жергиликтүү тургун менен баш кошуп, Кыргызстанда жүрүүсүн мыйзамдаштырууну жана кыргыз жарандыгын алууну көздөгөн.

Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда чет мамлекеттердин тиешелүү органдары менен биргеликте кармалган адамдын чет өлкөдө жасалган кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости