www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын түштүк-батышындагы Бон-Энконтр шаарында мусулмандарга тиешелүү базар өрттөлдү. Полиция окуя боюнча иликтөө иштерин баштады.
Француздук "La Depeche" гезитинин кабарында, кечээ түнү Бон-Энконтр шаарындагы базар өрттөлүп, анын дубалына нацисттердин символу болгон свастика тартылганы маалымдалган.
Өрттөн 2021-жылдын ноябрь айында ачылган базардын ичи толугу менен күйүп, базарда иштеген 3 миң адам жумушсуз калган. Милиция окуяны: "Атайын уюштурулган," - деп баалады.
"Ашыкча көз карандысыз Франция" кыймылынын мүчөсү Матильд Панот Твиттердеги баракчасы аркылуу окуяга реакция кылып: "Ошол эле медиа өкүлдөрү жана саясатчылар мусулмандарды жек көрүүдө", - деди.
Француз жазуучусу жана саясатчысы Томас Портес өзүнүн Твиттер баракчасынан: "Бул расисттик кол салуулар коркунучтуу жана аларды жасагандар катуу жазаланышы керек! Ашыкча оңчулдардын идеялары кайда баратканы анык", - деп оюн калтырган.
Булак: NazarNews.kg