www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз футбол биримдиги ISO 9001:2015 эл аралык стандартына шайкештикти далилдеген сертификатын алып, сапат менеджменти системасын эл аралык талаптарга ылайык ийгиликтүү киргизгенин тастыктагындыгын сыймыктануу менен кабарлайбыз.
КФБ бул стандарт боюнча сертификациядан өткөн Борбор Азиядагы биринчи улуттук футбол ассоциациясы болду.
Эл аралык башкаруу практикасында, анын ичинде спорттук уюмдарда, федерацияларда жана клубдарда ISO 9001 стандарты системалуу башкаруунун, натыйжалуулукту жогорулатуунун жана процесстердин ачыктыгын камсыздоонун куралы катары колдонулат. Мындай ыкмалар алдыңкы футбол уюмдары, анын ичинде Германиянын футбол ассоциациясы тарабынан да пайдаланылат.
24-апрелде КФБнын кеңсесинде сертификатты расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Документ КФБнын Башкы катчысы Медербек Сыдыковго «CERT International s.r.o.» компаниясынын эл аралык өнүктүрүү боюнча директору Риад Ибрагимов тарабынан тапшырылды.
«ISO сертификатын алуу Кыргыз футбол биримдигинин өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп саналат. Бул башкаруунун сапатын жогорулатууга жана эл аралык стандарттарга шайкеш иш алып барууга багытталган командабыздын системалуу эмгегинин жыйынтыгы. Биз мындан ары да процесстерди өркүндөтүп, өнөктөштөрдүн жана футбол коомчулугунун ишенимин бекемдей беребиз», - деп белгиледи КФБнын Башкы катчысы Медербек Сыдыков.
Сертификация процесси сапат менеджменти системасын иштеп чыгуу жана киргизүү, кызматкерлерди окутуу, ошондой эле эл аралык сертификациялык орган тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз аудиттен өтүүнү камтыды.
ISO 9001:2015 стандартын киргизүү КФБга процесстердин башкарылуусун жана туруктуулугун жогорулатуу, ишмердүүлүктүн ачыктыгын камсыздоо жана чечим кабыл алууда бирдиктүү ыкмаларды киргизүү, эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдөө, өлкөдө футболду туруктуу өнүктүрүү үчүн негиз түзүү мүмкүнчүлүктөрүн берет.
Сертификатка ээ болуу - бул биздин уюмубуздун өнүгүүнүн жаңы баскычына чыккандыгын тастыктайт. Кыргыз футбол биримдиги Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы эл аралык башкаруу тажрыйбаларын мындан ары да ырааттуу түрдө киргизүүнү улантат!