www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда кандай социалдык объектилер жабыркаганы тууралуу түз эфирде жооп берди.
Ага: «Социалдык тармакта кыргыз мектебинде Тажикстандын желеги илинген деген маалымат тараган. Колдонуучулар бул Ходжаев атындагы кыргыз мектеби экенин айтышууда. Анын канчалык чындыгы бар"», - деп суроо салышты.
«Тилекке каршы, мындай маалымат социалдык тармакка жарыяланды, бул чындык. Аксай айылы менен эч кандай байланышы жок. Бул жерде биздин акыркы маалыматтар боюнча 16 байланыш мунарасы бузулуп, байланыш начар, 35 электр чубалгылары бузулган. Байланыш болбогондуктан Хожаев мектебинен маалымат ала албай жатабыз. Азыр бардык күчтөр ошол жакка багытталган. Байланыш түзүлөөрү менен маалымат беребиз. Тилекке каршы, Тажикстандын жарандары биздин Ходжаев мектебине кирип, ушундай аракетти жасашты», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg