www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен жана Лейлек районунан 120 миң адам эвакуацияланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, эки райондун тургундары Сох анклавы аркылуу Кадамжай районуна көчүрүлдү.

“Лейлектин Арка, Достук, Жаңы-Жер айылдарында жана Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Сай айыл өкмөттөрүндө абал чыңалуу бойдон калууда. Турак үйлөрдүн өрттөнүүсү уланууда. Лейлек районунун төмөнкү тарабында кагылышуу дагы эле уланып жатат. Бул жакта бир гана аскер кызматкерлери калган, эл көчүрүлгөн”, - дейт ал.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашканы тууралуу маалымдалган.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 55 кыргызстандык жабыркады.

УКМК тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны колдонуп жатканын билдирди. Ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости