www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-сентябрда министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен жолукту.
Жолугушууда Кыргызстан менен ФАОнун кызматташтыгынын учурдагы абалы, улуттук жана аймактык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.
Тараптар айыл чарба тармагын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө, санариптик жана инновациялык чечимдерди киргизүүгө, суу ресурстарын туруктуу башкарууга жана жайыттарды калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Мындан тышкары, ветеринария тармагында антимикробдук туруктуулукка каршы күрөшүү маселеси каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдиришти.