www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын Миграция агенттигинин маалыматына караганда, 25-августтан 5-сентябрга чейин Орусиядан 96 миң 415 өзбекстандык мекенине кайтып келген.
Маалыматка ылайык:
54 миң 885 жаран Орусиядан түз кайтып келген;
41 миң 530 жаран Казакстан аркылуу Өзбекстанга өткөн.
Миграция агенттиги бул көрсөткүчтү эмгек миграциясындагы олуттуу өзгөрүү катары баалоодо.
Адистердин пикиринде, мигранттардын кайтып келишине Орусиядагы эмгек акынын өзгөрүшү, экономикалык жана социалдык шарттар, ошондой эле коопсуздукка байланыштуу факторлор таасир этиши мүмкүн.
Мигранттардын массалык кайтып келиши Өзбекстандын ички эмгек рыногуна кошумча басым жаратышы мүмкүн.
Ошондуктан өлкө алдында кайтып келген жарандарды жумуш менен камсыз кылуу жана туруктуу киреше булагын түзүү маселеси турат.
Белгилей кетсек, Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда да эмгек мигранты катары иштешет. 2024-жылдагы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 11 миңден ашуун өзбекстандык эмгек мигранты расмий каттоодо турган.