www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан 2026-жылдын аягына чейин Орусиядан ай сайын 100 миң тонна күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) жеткирүү боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, келишим жыл аягына чейин күчүндө болот. Кыргызстан күйүүчү майды биржалык баа менен сатып алат.
Буга чейин Данияр Амангелдиев кыргыз делегациясы КММ жеткирүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Орусияга барганын билдирген.
Эске салсак, Орусиянын өкмөтү ички рыноктогу кырдаалды турукташтыруу максатында бензинди экспорттоого тыюу салууну 2027-жылдын 31-январына чейин, ал эми дизелдик күйүүчү майды экспорттоого чектөөнү 2026-жылдын сентябрына чейин узарткан.