www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 14-апрелге карата 317 миңден ашык салык төлөөчү декларация тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 287 128 декларация электрондук түрдө тапшырылган.

"Анын ичинен 49 миң 258и юридикалык жак, 82 миң 779у жеке ишкер, 123 миң 308и жеке жак, ошондой эле 61 миң 940ы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы", — деп жазылган маалыматта.

Эскерте кетсек, бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-майда аяктайт.

Аталган мөөнөткө чейин төмөнкүлөр декларацияны тапшырууга милдеттүү:

жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;

менчигинде салык салынуучу мүлкү, жер тилкеси (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;

юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;

илим изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын кызматкерлери. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекемеде, уюмда иштегендер;

мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Эскерте кетсек, юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 31-мартта аяктады.

Последние новости