www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва АКШ согушка үндөгөндү токтотуп, Украинага тынчтык орнотуу тууралуу дагы айта башташы керектигин билдирди.

"Мен кечээ күнү Си Цзиньпин менен көпкө чейин сүйлөштүм. Тынчтыкка жетүүнүн жолдорун издөөгө даяр өлкөлөрдүн тобун түзүү зарыл. Кечээ бул тууралуу европалыктар менен дагы, америкалыктар менен дагы сүйлөштүм", — деп өлкө башчы айтканын G1 маалыматтык порталы жазды.

Лула да Силва айрым мамлекеттер жаңжал болгон аймакка курал жеткирүүнү токтотушу керектигин айтты.

"Курал-жарак берип, согушка үндөгөн өлкөлөрдү мындай аракеттерди токтотууга ынандыруу керек... Анын ичинде АКШ менен Европа биримдиги дагы жаңжалга үндөбөй, тынчтык жөнүндө айта башташы керек. Путин менен Зеленскийге тынчтык бардыгына керек экени жетиши керек", — деген Бразилиянын президенти.

 

Последние новости