www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-апрелде Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Жол айылында генерал-лейтенант А.Бакаев атындагы паркта УКМКнын аскер кызматкерлеринин катышуусунда 300 түп көчөт отургузулуп, андан соң ишембилик өткөрүлдү.
Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, А.Бакаевдин жубайы, жакын туугандары жана айыл тургундары катышты.
Акциянын максаты - жергиликтүү тургундардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу жана паркта жагымдуу микроклиматты түзүү болуп саналат.
Өз кезегинде УКМК төрагасы бак-дарактарды отургузуу калктуу конуштарды өнүктүрүүгө жана келечектеги урпактарга эң жакшы мурас калтырууга себеп болорун белгиледи.
Аны менен катар Ташиев паркка ысымы ыйгарылган генерал-лейтенант Бакаев А.К. эгемендүү Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдарынын түптөлүшүнө зор салым кошконун, элдин кызыкчылыгы үчүн жан аябаган жалындуу патриот катары элдин эсинде сакталып кала берерин кошумчалады.
УКМК төрагасынын айтымында көчөт тигүү иштери өлкөнүн башка аймактарында дагы улантылат.
Өз кезегинде, Жаңы-Жол айылынын тургундары жана А.Бакаевдин үй-бүлө мүчөлөрү бир канча жылдан бери пландалып, бирок ишке ашпай келе жаткан парктты көрктөндүрүү иштерин көзөмөлгө алып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн Камчыбек Ташиевке ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, аталган саамалык президент Садыр Жапаров демилгелеген "Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында уюштурулган.
Булак: NazarNews.kg