www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда май айынын аягында биринчи жолу 15 адамдын боорун, төрт кишинин жилик чучугун алмаштыруу пландалууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, операциялар президенттин демөөрчүлүк фондунан каржыланат. Башкача айтканда, бейтап донорду өзү таап, операцияга кеткен чыгымды президент төлөйт.

«Буга чейин бейтаптар боорду чет өлкөгө барып алмаштырып келишчү. Мисалы, Индияда боор алмаштырыш үчүн 55 миң доллар, Түркияда болсо 75-80 миң долларга чейин каражат жумшалчу. Ал эми жилик чучугун алмаштырыш үчүн чет өлкөлөрдө 130 миңден 160 миң долларга чейин турат», — деп жазган Алымкадыр Бейшеналиев.

Ошондой эле министр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкөдө 10дон ашык бейтаптын бөйрөгү алмаштырылып, чыгымын мамлекет төлөгөнүн айткан.

Мындан тышкары, Бейшеналиев учурда гемодиализде жаткан 3 миңге жакын адам бар экенин жана көпчүлүгүнө донор табылбай жатканын айтып, оорулуулардын туугандарына: «Колуңардан келсе жакындарыңарга бөйрөк боюнча донор болуп берүүңөрдү суранат элем», — деп кайрылды.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости