www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы 13 калктуу конушта уюлдук байланыш жок

Кыргызстандагы 2 236 калктуу конуштун 13үндө уюлдук байланыш жок. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын 2026-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча маалыматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, байланыш жетпеген калктуу конуштар өлкөдөгү бардык айыл-кыштактардын 0,58 пайызын түзөт.

Эң көп байланыш жок аймактар Ысык-Көл облусунда катталган. Облустагы 212 калктуу конуштун 7синде уюлдук байланыш жок. Жалал-Абад облусундагы 538 калктуу конуштун үчөөндө, Ош облусундагы 603 калктуу конуштун экөөндө, ал эми Нарын облусундагы 149 калктуу конуштун биринде байланыш тартпайт.

Ошол эле учурда Талас, Чүй жана Баткен облустарындагы бардык калктуу конуштар уюлдук байланыш менен толук камсыздалган.

Өлкө боюнча 2G тармагы 2 223 калктуу конушту же 99,4 пайызын камтыйт. 4G тармагы менен камтуу 99,2 пайызды, ал эми 3G тармагы менен камсыз болуу 98,2 пайызды түзөт.

Маалыматта белгиленгендей, үчүнчү муундагы (3G) байланыш эң аз жайылган технология бойдон калууда. Учурда 40 калктуу конуш 3G тармагына толук кошула элек болсо, 17 калктуу конушта 4G тармагы жок.

Последние новости