www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Августтан октябрга чейинки мезгилде дүйнөнүн бир катар аймактарында абанын температурасы климаттык нормадан жогору болушу күтүлүүдө.
Бул тууралуу Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун (ДМУ) жаңы божомолунда айтылат.
Маалыматка ылайык, эң жогорку температура Африканын басымдуу бөлүгүндө, Түштүк Европада, Араб жарым аралында, Индия субконтинентинде, Чыгыш Азияда, Борбордук Америкада, Кариб деңизинин өлкөлөрүндө, Түштүк Американын көпчүлүк бөлүгүндө жана Жаңы Зеландияда катталышы мүмкүн.
Ошондой эле айрым аймактарда кургакчылык коркунучу күчөй турганы, ал эми башка аймактарда жаан-чачындын көлөмү климаттык нормадан жогору болору болжолдонууда.
ДМУ белгилегендей, аба ырайына байланыштуу алдын ала божомолдор тобокелдиктерди эрте баалоого жардам бергени менен, алар климаттык кубулуштардын кесепеттерин өз алдынча алдын ала албайт.
«Бүгүн кабыл алган чечимдерибиз эртең туш боло турган кесепеттерге түздөн-түз таасир этет», — деп белгилеген уюмдун өкүлү.