www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, жайыттарды жана экосистемаларды сактоо максатында түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас аймактык башкармалыгы облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик милициясы менен биргеликте рейддерди уюштурду.

Иш-чаралардын жүрүшүндө туристтерге, эс алуучуларга жана жергиликтүү тургундарга автоунаалар жана эндуро-мотоциклдер менен жайыт аймактарында жүрүүнүн айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири түшүндүрүлдү.

Ошондой эле жарандарга экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоо, атайын белгиленген каттамдар менен гана жүрүү жана жаратылышка аяр мамиле кылуу зарылдыгы эскертилди.

Министрлик жарандарды жана аймактын конокторун жаратылышты коргоо эрежелерин сактоого чакырды.

Последние новости