www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык 3 тасма Казакстандагы "Байкоңур" эл аралык фестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка катышуу үчүн 14 мамлекеттен 560 талапкерден арыз түшкөн. Алардын арасынан фестивалга 6 мамлекеттен 18 тасма тандалып алынган. Алардын арасында кыргызстандык 3 тасма бар: режиссёрлор Никита Ловецкийдин "Галина Петровна", Алижан Насировдун "Меди"» жана Дастан Мадалбековдун "Атасынын уулу" тасмалары.

Фестиваль 6-10-сентябрь аралыгында Алматы шаарында өтөт.

Белгилей кетсек, кыска метраждуу оюн жана даректүү тасмалардын "Байкоңур" фестивалы быйыл сегизинчи жолу өткөрүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости