www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кыргызстандын мугалимдери "Чет өлкөдөгү мыкты орус мектеби" эл аралык сынагына катыша алышат. Бул тууралуу Россиянын Агартуу министрлигинин эл аралык кызматташуу борбору билдирди.

Аталган борбордун жетекчиси Сергей Малышевдин айтымында, Россиянын чегинен тышкары иштеген мыкты орус мектептеринин сынагы 2021-жылдан бери өткөрүлүп келет.

"Былтыр ага КМШ, Европа, Азия, Жакынкы Чыгыш, Африка, Латын жана Түндүк Американын 55 өлкөсүнөн 840 конкурсант катышкан. Эң көп арыз КМШ өлкөлөрүнүн мектептеринен түшкөн. Франция, Бельгия, Палестина, Вьетнам, Мадагаскар жана башка өлкөлөрдөн келген мугалимдердин уникалдуу методикалык иштерин көрүү да кубанычтуу болду", — деди Малышев.

Каттоо 27-майдан 15-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Конкурстун катышуучулары педагогикалык маселелерди чечүүдө чеберчилигин көрсөтүшү керек. 31-октябрда жана 1-ноябрда "Эл аралык мугалим" жеке номинациясында жана "Орус мектебинин мыкты педагогикалык командасы" номинациясында жарым финал болот.

Финалга чыккандар 7-10-декабрда Пятигорск шаарында өтө турган педагогикалык оюнга катыша алышат. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар Москва шаарында тапшырылат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости