www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык жөө күлүктөр Илья Тяпкин менен Сардана Трофимова Париж Олимпиадасына жолдомо алды.

Алардын ысымдары Париж Олимпиадасында марафонго катыша турган спортчулардын тизмесине кирди. Маалыматты күн мурун Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму жарыялады.

Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынан билдиришкендей, эми эки жөө күлөктүн лицензия алгандыгы тууралуу тастыктама Кыргызстандын улуттук олимпиадалык комитетинен келип түшүүсү керек.

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Илья Тяпкин менен Сардана олимпиадалык нормативди аткара алышкан эмес. Бирок, Universality Places системасы боюнча квота алышты. Белгиленген талаптарга ылайык, өлкөнүн норматив аткарбаган жөө күлүктөрү болсо, Олимпиада оюндарында 3 дистанцияда: 100 метрге, 800 метрге же марафонго чуркоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Белгилей кетсек, Тяпкин карьерасында Олимпиада оюндарына экинчи жолу катышмай болду. Ал буга чейин Рио-де-Жанейродогу марафондо чуркаган. Ал эми Трофимова Олимпиадага алгачкы ирет катышат.

Учурда Кыргызстандын куржунунда жалпысынан 13 олимпиадалык лицензия бар. Анын ону күрөш боюнча, экөө жеңил атлетика жана бирөө сууда сүзүү боюнча берилген.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости