www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызтелеком" акционердик коомунун жалпы акциясынын 78,2% Президенттин иш башкармалыгынын ээлигине өткөрүлүп берилди. 

Ага ылайык, "Кыргызтелекомдун" 78,2% акциясы акчалай 1 млрд 36 млн 235 миң 426,74 сом болот. Ишкананын акцияларына ошондой эле Социалдык фонд - 12,51%, юридикалык жана жеке жактар 8,65% ээлик кылат.

Ошондой эле "Түндүк" ачык акционердик коомунун 100% акциясы Президенттин иш башкармалыгына өткөнү айтылды.

Быйыл март-апрелде президенттин жарлыгы менен “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму”, “Түндүк”, “Кыргызиндустрия”, “Кыргызтелеком” мекемелери Министрлер кабинетинен алынып, башкармалыкка берилген. Апрелдин аягында Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулган.

“Азаттык” бул боюнча атайын программа даярдап, жыйынтыктап айтканда, Президенттин иш башкармалыгы 4 резиденцияны, 5 мекемени, 3 тейлөө кызматын, 2 дирекцияны, 7 компанияны, 7 ишкананы, 2 бала бакчаны, 7 эс алуу жайын түздөн-түз башкарып жатканын көрсөткөн.

Мындан сырткары Кесиптик кошуундар федерациясынан мамлекетке алынган пансионат, курорт, эс алуу борбору, коттеж жана мейманканаларды Иш башкармалыктын алдындагы Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объекттердин ишин башкаруу боюнча дирекция карап жатат. Алардын саны айрым маалыматтарда 29 деп көрсөтүлүүдө. Кээ бир кабарларда 16, кай биринде 14 экени маалымдалган. Ошондой эле “Кыргызиндустриянын” ичиндеги 40тай ишкананы башкарууну да башкармалык аткарып калды.

Последние новости